Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.02.2019 10:40 На русском

Бишкек—Ош жолунун 109 чакырымын тейлеген №30 ЖТИнин аткарган иштери (сүрөт)

Turmush -  Кара-Көл шаардык №30 жол тейлөө ишканасы Бишкек—Ош жолунун 109 чакырымын жана жергиликтүү маанидеги Үч-Терек—Өзгөрүш жолунун 71 чакырымын тейлеп келет. Өзгөчө күз-кыш мезгилинде аба ырайына байланыштуу күн-түн элдин кызматында.

№30 жол тейлөө ишканасына чукул бурулуштуу капчыгайлар, деңиз деңгээлинен 1250 метр бийиктиктеги Көк-Бел ашуусу, Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын ортосундагы өзгөчө татаал жол тилкеси карайт.

Көк-Бел ашуусунда атайын тартылган ачык кариерден жолго себилүүчү кум, туз өңдүү инерттик материалдар даярдалып турат. Ал эми Бишкек—Ош жолунун кооптуу аталган 392-чакырымдан 427-чакырымга чейинки тилкесинде таш кулоо коркунучтары көп кездешет. Аталган аймакка караштуу 412 чакырымына таштарды тазалоочу атайын техника да токтотулуп, күн-түн кызмат көрсөтөт.

№30 жол тейлөө ишканасы 2018-жылы күз айларында шаарга караштуу Жазы-Кечүү айылынын төрт көчөсүнө 1 чакырым жерге жаңы асфальт төшөгөн. Буга чейин аталган айылдын жолу Совет доорунан бери асфальтталган эмес. Ошондой эле жергиликтүү маанидеги Жетиген айылынын 650 чакырым жолу асфальтталган. Мындан тышкары, Токтогул районуна караштуу Ничке-Сай айылынын 12-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн курулушу 90%га бүткөрүлдү. Бул көпүрө 1967-жылы жыгачтан жасалып, бүгүнкү күнгө чейин кооптуу абалда болгон.

№30 жол тейлөө ишканасы жыл сайын элдин, жолдо жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында стратегиялык негизде тейленген Бишкек—Ош жолунун жана жергиликтүү маанидеги жолдордун абалын жакшыртуу менен алектенип келет. Мисалы, быйылкы жылы Япониянын «JICA» эл аралык кызматташуу агенттиги менен бирге кооптуу аймактагы таш түшүүчү тилкелерди тосуу боюнча 414 чакырымда чоң долбоорду ишке ашырууга аракеттер жасалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×