Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 19.02.2019 10:10

Ош шаарынын бюджети 1 млрд 127 млн сом болуп бекитилди

Turmush -  Бүгүн, 19-февраль күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги 19-сессиясы өтүп жатат. Күн тартибине 8 маселе коюлду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык кеңешинин 40 депутаты, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда. Сессиянын жүрүшүндө биринчи жана экинчи маселе шаардык кеңештин депутаттары тарабынан колдоо тапты. Тактап айтканда, Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолун, 2019-2021-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө маселе колдоого алынды. Ош шаарынын быйылкы бюджети 1 млр 127 млн сом болуп бекитилди.

Өткөн жылы Ош шаарынын бюджети 940 млн сом болуп бекитилген болчу. Быйыл шаардын бюджети өткөн жылга салыштырмалуу 187 млн сомго көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×