Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Чүй облусуКемин району 19.02.2019 08:55 Жаңыланды: 19.02.2019 19:00 На русском

Ханды тосконго даярдануу, бир чучукту жеп түгөткөн М.Горбачёв... Кеминдик аксакал Т.Төлөмүшов тарыхый окуялардын күбөсү (сүрөт)

Turmush -  Кеминдик 73 жаштагы Теңис Төлөмүшов 90-жылдардагы тарыхый окуяларга өз көзү менен күбө болгон аксакалдардын бири. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, бир топ кыргыз гезиттеринде, радиодо иштеген. Кийин колхоз-совхоздорду жетектеп, андан соң салык кызматында иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

Михаил Горбачёвду тосуу

Ошентип 1991-жылдын акыркы айларында Михаил Горбачёв Кыргызстанга келди. Ал учурда мен Кемин районунун дыйкан чарба биримдигинин төрагасы катары аны тосуп алууда кам көргөндөрдүн бири болгом. Биз Бишкек менен байланышып, өз камылгабызды көрүп жаттык.

М.Горбачёвду Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев баштаган жоон топ окумуштуулар жана коомдук ишмерлер тосуп алышты дешти. Ал алгач Фрунзе атындагы айыл чарба машина куруу заводу менен таанышып, Бишкектеги базарлардын бирин кыдырып да чыгыптыр. Андан кийин биздин Кеминдеги «Кызыл-Суу» совхозубузга келип, конок болуп кетти.

Ал келердин астында биз бүткүл республика боюнча район, облус жетекчилери, Айыл чарба министрлигинен кишилер келип, семинар өткөнбүз. Михаил Горбачёв келет деп аябай катуу даярдык көрдүк. Окуучулар, мугалимдер, жумушчулар аны чакан салтанат менен тосуп алдык. Анан эле жайдары күлүп, колун булгалап келип калды. Аны коштоп Аскар Акаев, Насирдин Исанов, Медеткан Шеримкулов жана башка кыргыздын интеллигенттери келишти. Биз аларды атайын конок кылып тосууга боз үй тигип, ичине улуттук даамдар менен дасторкон жайганбыз. Анын ичинде акимдер колго суу куюп, кызмат кылып жүрүштү. Калгандарыбызды жакын жолотушкан жок.

Биз ханды тосуп алгандай эле даярданган элек

Ошентип коногубузду узатып алган соң алар отурган дасторконго кызмат кылган акимдерден «кандай болду, эмне кеп болду?» деп иштин жайын сурадык. Алар аны аябай мактап отурушту. «Абдан акылдуу, күчтүү киши экен. Тегерегиндегилер менен көп деле сүйлөшкөн жок. Көбүнчө Аскар Акаев менен гана сүйлөшүп жатты» дешти. Анан «алдына тартууланган бир бүтүн чучукту шашпай жеп түгөтүп, кыргыз коньягынан ичип отурду» деп айтышты. Ошондон көп узабай тарыхый чоң бурулуш болуп кетпедиби. Бирок биз ошондо ханды тосуп алгандай эле даярданганбыз.

Салык кодексин которуу

Аскар Акаевдин демилгеси менен республика боюнча, ал тургай СССР боюнча биздин Кеминде биринчи жолу райондук дыйкан чарба биримдиги түзүлгөн. Мен ошонун төрагасы болдум. Анан эгемендүүлүк алган жылдары салык кызматында иштедим. Аскар Акаевдин учурундагы Салык кодексинин орусчасын кыргызчага мен которуп бердим.

Атамдын жолу менен

Мен 1946-жылы Фрунзе шаарында журналисттин үй-бүлөсүндө төрөлдүм. Атам Кыргызстандагы алгачкы журналисттердин бири болгон. Бир топ гезиттерде иштеди. Өзүм болсо Кеминде чоң атамдын колунда чоңойгом. 1969-жылы тил жана адабият факультетин бүтүрүп, 1978-жылы Айыл чарба институтунун зоотехник факультетин, 2000-жылы Президенттин астындагы башкаруу академиясынын финансы-экономикалык факультетин аяктадым.

Көп жыл радиодо, гезитте, партиялык иштерде иштедим. Салык кызматында да иштеп жүрүп, пенсияга чыктым. Кемин районунун ардактуу атуулумун. Кемин районунун аксакалдар кеңешинин төрагасымын. «Өмүрү өрнөк инсандар» аттуу Кемин районунун энциклопедиясынын авторумун. Анда болсо Атаке баатырдан Акаевге чейинки жана андан кийинки эр-азаматтардын баары жазылган.

Теңис аксакал 5 бала, 17 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×