Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баткен облусуБаткен району 18.02.2019 09:17 Жаңыланды: 18.02.2019 18:10 На русском

Чыгаша тартып жатабыз: Баткенде Россияга, Тажикстанга сатылган өрүктөрдүн баасы түшүп кетти (видео)

Turmush -  Баткен облусунда өрүк кактардын баасы түшүп кетти. Бул тууралуу өрүк сатуучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Бак айылы Тажикстандын Лаккан айылы менен чектешет. Бул айылда эки өлкөнүн айылдарынын жашоочулары жумасына бир жолу — бейшемби күнү базар уюштурушат. Тажик жарандары көбүнчө өрүк сатып алышат. Мурда өрүк кышында кымбат сатылчу. Быйыл анын баасы өрүк бышкан, жай мезгилиндегидей арзан болууда.

Өрүк сатып алуучулардын бири Фатима айымдын айтымында, сатылып алынган өрүктөрдү Тажикстандын Исфара районундагы өрүктү кайра иштетүүчү заводго жана Россияга жөнөтөт.

«Мен бүгүн 400 кг жакын өрүк сатып алдым. Алардын баасы 10 сомдон, 200 сомго чейин. Эң ылдыйкы сорттогуларды Исфарадагы сок, компот чыгаруучу заводго, ал эми жакшыларын Россияга жөнөтөм. Бул жакка келип, соода-сатык кылууда тоскоолдуктар жок. Үй-бүлөбүзгө киреше ушул соода-сатыктан түшөт», - деди ал.

Ал эми Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Сайпидин Бакаев базарга 2 тоннага жакын өрүк алып келген.

«Бул өрүктөрдү багбандардан 1 кг 220 сомдон алгам. Өрүктүн баалары түшүп кетти. Бүгүн тажик туугандарга карызга 1 кг 210 сомдон саттым. Мындайча айтканда чыгаша болду. Арзанга сатууга муктажмын. Сактап тура берсем, баа түшүп кетсе мындан да көп чыгаша тартпайын деп саттым. Азыр алар 400-500 кг жакын өрүктү сатып алышты. Акчасын бир жумадан кийин алам. Аларды мен жакшы тааныбайм, бирок базарларда бири-бирибизди көрүп турабыз. Өрүк арзан, кардар жок болгондуктан карызга бергенге да аргасыз болдум», - деди ал.

Багбандардын бири Курбанбек Байтемировдун 250-300 сомдон сатылуучу өрүгүн 200 сомго баалашты.

«Менин үлүш жеримде 40-50 түп өрүк багым бар. Быйыл 400-500кг жакын өрүк кургаттым. Азыр базарга алып чыксам арзан баалашты. Сатпай кармап турам. Баасы дагы көтөрүлүп калар деп жатам», - деди ал.

Ал эми Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Жылдызбек Исакулов өрүктүн баасын көтөрүү үчүн инвесторлор керек экендигин айтты.

«Баткенде 1 жылда 37 миң тонна орук алынат. Анын 27 миң тоннасы кургатылып, бышкан кезинде сатылат. Баткенде өрүктү сапаттуу кургатып, кайра иштетүүчү 3 кичи фабрика бар. Бүгүнкү күндө өрүктөрдү сапаты жагынан базар экономикасына жооп берген талаптарды аткара турган кылып кургатуу зарыл. Өрүктөрдү сапаттуу кургатуу боюнча атайын багбандарга кеңеш берүү, үйрөтүү үчүн окутуулар өткөрүлөт. Ал эми өрүктүн баасын көтөрүү үчүн инвесторлооду таруу керек. Анткени Баткенде чоң-чоң өрүк сактоочу жайларды куруу, сапат жагына маани берүү керек. Антпесе баасы төмөн сатылат. Жакында эле түрк инвесторлору менен өрүк сактоочу жана кайра иштетүүчү жайларды куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Аны куруу учун 2 гектарга жакын жер керектелет. Жергиликтуу бийлик бул маселелерди карап, элге канчалык деңгээлд пайда берип, көйгөйүн чече алат карап көрүп чечим чыгарабыз. Ошондой эле Кыргызстандагы жеке менчик компания менен өрүктү кайра иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», - деди ал.

Баткен өсүмдүктөрүнүн карантини башкармалыгынын башчысы Шералы Мидинов былтыр Баткенден 200 тонна өрүккө сертификат берилгендигин белгиледи.

«Өткөн жылы Баткен облусунда 200 тонна өрүккө фитосанитардык жактан талапка жооп бере тургандыгы боюнча сертифакат берилип, Россия жана Казакстанга экспорттолду. Баткен облусунда өрүктү сапаттуу кургатууга шарттар жок болгондуктан миңдеген тонналаган экспорттоолор болбой жатат. Бул маселени чечүүгө аракет көрүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×