Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 15.02.2019 17:34 Жаңыланды: 15.02.2019 19:05 На русском

Министрлик жана аймактардагы сөгүш, эскертүү алып, кызматынан бошотуу сунушталган жетекчилер

Turmush -  Бүгүн, 15-февралда өкмөттүн жыйыны өтүп, анын жыйынтыгындагы сунуш менен айрым министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Айрымдар эскертүү алды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Жетишсиз иши жана кетирген кемчиликтери үчүн сөгүш жарыяланган жетекчилер:

- Экономика министри Олег Панкратов;

- билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;

- Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек;

- Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов;

- билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова;

- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев.

Эскертүү алган жетекчилер:

- саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев;

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев;

- Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов;

- Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасы Марат Калиев;

- Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов.

Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир катар жетекчилерине сөгүш берилип, бир нече жетекчини кызматынан бошотуу сунушун биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты. Жыйында президенттин «2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу планын жана 2018-2022-жылдардагы региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгында сөгүш берүү сунушталган жетекчилер:

- Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев;

- Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов;

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Айбек Бегимкулов;

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Рахат Исаков;

- Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Бактыбек Алайчиев;

- Чүй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Мелис Райымкулов;

- Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Кеңеш Салихов;

- Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Баймурат Бекмуратов;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Эмилбек Абдыкадыров;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Данир Иманалиев;

- Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Жакыпбек Субагожоев;

- Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Бектеналы Дүйшебаев.

Муну менен катар Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Гүлбарчын Исаковага, Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Музафаржон Мамасаидовго жана Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Ниязбек Козуевге сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.

Ээлеген кызматынан бошотуу сунушталган жетекчилер:

- Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Азамат Эсенбеков;

- Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы — аким Жумгалбек Дуйшебаев;

- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Масалбек Мырзамамытов;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Майорбек Сатымкулов;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Улан Дөкөнбаев;

- Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким Таалайбек Ажиев;

- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×