Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Чүй облусу, Токмок 15.02.2019 17:24

Сокулуктун 5 дзюдочусу Токмок шаарынын мэринин кубогунда алдыңкы орунду ээлешти (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Пахта айылынын дзюдочулары Токмокто өткөн мелдеште алдыңкы орундарга ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга спортчулардын машыктыруучусу Бабуржан Жээнбаев билдирди.

«Токмок шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш болуп, ага окуучуларыбызды алып бардык. Биздин айылдан мелдешке 7 бала жана 1 кыз катышты. Алардын ичинен 4 бала жана 1 кыз 1-орундарды багындырышты. Биздин айылдагы спорт залда улуу тайпада 25, кичүү тайпада 50дөй бала машыгат. Арабызда мелдештерге катышып жүргөн жалгыз кыз бар», - деди машыктыруучу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×