Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуКара-Буура району 15.02.2019 13:18 Жаңыланды: 04.05.2019 14:16

Айыл турмушу: Кара-бууралык М.Тармалов 25-30 миң сомго чейин бааланган асыл тукум койлорду багууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылын 32 жаштагы тургуну Майрамбек Тармалов гиссар породасындагы 50гө жакын кой багууда. Аймактык кабарчы анын чарбасы менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, мал чарбасы менен тирилик кылганына 10 жылдан ашты.

«Гиссар породасындагы койлорду жана кочкорлорду багып келем. Кочкорлорду семиртип сатуу үчүн, гиссар койлорду көбөйтүү максатында багам. Кочкорлорду козу кезинде 15 миң сомдон Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылындагы малчылардан сатып алгам. Алар Тажикстандан алып келишкен. Булардын жөнөкөй койлордун дагы айырмасы бар. Түзүлүшү жагынан чоң жана келишимдүү болгондуктан сатып алууда кардарлар көп. Чөп ылгабай жешет, ал эми койлору көбүнчөсү жаз айларында төл беришет. Учурда төлдөгөндөрү козулары менен жылуу жерде багылып жатат. Бул койлор эттүүлүгү боюнча дагы жакшы. Койлорду жакшы багып карасак 40 кг жогору эт берет. Мындай койлор сүттүү дагы келишет, козусу тез чоңоёт. 6 айлык козулар 5000 сомдон 8000 сомго чейин сатылган. Канчалык мал эттүү болсо өзүнүн төлүн берип турат. Кочкорлор бир аз азоороок. Айыл тургундары 25-30 миң сомго сурап келип жатышат, саткан жокмун

Буга чейин жөнөкөй койлорду багып келгенбиз. Бирок малдын санын көбөйтпөстөн аз болсо дагы породалуусуна баксак көп жагынан үнөм болуп, сатууда баасы 2-3 эсе кымбатка турары белгилүү болуп калбадыбы. Үй-бүлөлүк киреше катарында багып келем. Койлордон керек учурунда сата коёбуз. Азыр туут болуп айрымдарын үйдө кармап жатам. Негизи жайытка чыгарып карайм», - деди ал.

Фермер 1 кыз, 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×