Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баракелде, Дүйнө 13.02.2019 12:02

Американын карызы тарыхый рекордго жетти

Turmush -  Америка Кошмо штаттарынын мамлекеттик карызы биринчи жолу 22 трлн доллардан ашты. Бул маалыматты бүгүн, 13-февралда АКШнын Финансы министрлиги жарыялады. Бул тарыхтагы эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет.

Трамп президент болгон убакыттан бери мамлекеттик карыздын көлөмү ыкчам темп менен өсүп жатканы маалымдалды. Мунун себептеринин бири 1,5 трлн доллар сумманы чапчыган салык реформасы. АКШнын Бюджет боюнча конгресси бул жылы дефицит 897 млрд долларга жетип, 2018-жылга салыштырмалуу 15% өсөт деп болжолдоп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×