Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.02.2019 12:01

Базар-Коргондо өмүрүн кыюуга аракет кылган өспүрүмдүн абалы жакшы

Базар-Коргон райондук ооруканасы
Базар-Коргон райондук ооруканасы

Turmush -  Базар-Коргон районунда өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган өспүрүм райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн сынык-жараат бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Базар-Коргон айыл аймагынын 15 жаштагы тургуну Б.А. 11-февраль күнү өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, оор абалда ооруканага түшкөн болчу.

Маалыматка караганда, өспүрүм ошол күнү саат 08:00дөр чамасында өз үйүндө белгисиз себептен улам өзү-өзүн асууга аракет жасаган. Ал убакта баланын ата-энеси ооруканада дарыланып жүрүшкөн. Кийинчерээк баланы туугандары оор абалда ооруканага алып барышкан.

Ал эми Б.А. окуган мектептин мугалимдери өспүрүмгө окуучулар же окутуучулар тарабынан эч кандай зордук-зомбулук жана кысым көрсөтүлбөгөнүн айтышкан. Учурда окуучунун абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×