Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Баракелде, Дүйнө 13.02.2019 10:36 На русском

Видео — Түркиядагы көмүскө жайдан табылган 35 кыздын арасында кыргызстандыктар да бар

Turmush -  Түркияда көмүскө жай табылып, анын ичинен кыргызстандык кыздар да чыкты. Haberler басылмасынын маалыматы боюнча, текшерүү иштери Стамбул 7 районунда жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 85 адам кармалган.

«Кармалгандардын арасындагы 35 аял Кыргызстандан жана Өзбекстандан болушат. Кылмыштуу топ аларды социалдык тармактардан сүйүү мамилесин сунуштап чакырышкан», - деп айтылат билдирүүдө.

Түрк басылмасынын маалыматы боюнча, кармалгандардын ичинен кылмыштуу топтун мүчөсү болгон 20 адамга адам сатуу боюнча айып тагылган. Калгандары сурак берип жатышат. Ал эми чет өлкөлүк 35 аял өлкөдөн депортацияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×