Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 18:11

Атасы өлтүрүлгөндөн кийин бизнесин тартып алды деген депутат айымга Т.Сариевдин жообу

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын колунда анын атасынын бизнесин Темир Сариев тартып алды деген далил жоктугун бүгүн, 12-февралда экс-премьер-министр журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Буга чейин депутат Э.Сурабалдиева массалык маалымат каражаттарына: «Темир Сариев 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган кезинде атама тиешелүү кичи бизнести тартып алууну демилгелеген», - деп билдирүү тараткан.

Э.Сурабалдиеванын айтымында, анын атасын 2005-жылдын 10-июнунда өлтүрүп кетишкен. Ал учурда депутат айым чет өлкөдө жүргөн.

«Кызматкерлер атам өлгөн күнү эле "Кудайберген" базарына жана башка объекттерге бир убакта салык кызматынын кырктай текшерүүчүсү келгендигин айтышкан. Мага атамдын жердеши компанияны тартып алууга аракет кылгандыгын дагы билдиришкен. Мен 13-июль күнү ага жолугуу үчүн парламентке баргам», - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Темир Сариев кайсы бизнес жөнүндө сөз болуп жатканын билбей тургандыгын айтты. Бирок унаа базары, «Кудайберген» базары жана мал базар жөнүндө айтылып жатышы мүмкүн деп божомолдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×