Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 17:25 На русском

«Кызматка келерим менен эскертүү алдым»: Министр Бишкек—Ташкент автобустук каттамы бар экенин билген эмес

Жанат Бейшенов, транспорт жана жолдор министри
Жанат Бейшенов, транспорт жана жолдор министри

Turmush -  Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов ведомствонун бүгүн, 12-февралда өткөн коллегиялык жыйынында Бишкек—Ташкент автобустук каттамынын токтоп калганы жашырылып, көйгөй чечилбегенин айтып, коллективди күнөөлөдү.

Министр: «Мен керек болсо Бишкек—Ташкент автобустук каттамы бар экенин билген эмесмин. Митинг өтмөйүнчө Транспорт министрлиги жүк ташуу боюнча лицензиялардын мөөнөтүн узартуу тууралуу маселени чечкен эмес. Министрликтин жанында митинг уюштурулгандан кийин гана баары кыймылдап баштады. Буга чейин бул суроолорду алдын ала ойлонуу керек болчу», - деди.

Жанат Бейшенов Бишкек—Ташкент автобустук каттамынын токтоп калуусу тууралуу азыр айтуу керек эмес деп эсептейт.

«Бул маселени баарыңыздар билесиздер, бүгүн аны кайталоонун кажети жок. Бирок министрликтин күнөөсү бар. Себеби керек болсо мен мындай автобустук каттам бар экенин билген эмесмин. Албетте, бул жерде министрликтин да, басма сөз кызматтын да күнөөсү бар. Мен кызматка келерим менен аталган маселе боюнча эскертүү алдым. Ал эми бул меселе көптөн бери чечиле элек болчу экен. Бирок биз бул тууралуу жакында эле билдик. Коомдук уюмдар менен иштешип, алардын пикирин угуп, ишибизди пландашыбыз керек», - деди министр.

--------------------------------------------------------------------------------------------

Бишкек—Ташкент автобустук каттамы убактылуу жабылган. Буга чейин Казакстан транзиттик автобустун каттамын бир тараптуу токтоткону тууралуу маалымат тараган. Ал эми Өзбекстандын Автомобилдик транспорт агенттигинин маалыматы боюнча, бул багыттагы автобус 2018-жылдын май айында жүргүнчүлөрдү ташып баштаган.

«Бул маршрут коңшу Казакстандын аймагы аркылуу өтүп, узундугу 601 км жетет. Автобустар "Чалдовар" (Казакстан), "Супатай батыр" (Кыргызстан), "Жибек жолы" (Казакстан) жана "Гишт куприк" (Өзбекстан) көзөмөл пункттары аркылуу өтүп келген», - деп айтылат Өзбекстандын агенттигинин билдирүүсүндө.

Маалым болгондой, кышкысын Кыргызстан тараптан эл аралык Ташкент—Бишкек каттамындагы автобустун жолго чыга турган убактысы өзгөртүлгөн. Бул эл аралык Дархан — Бишкек каттамындагы автобустардын убактысына туура келип калган. Буга байланыштуу кыргызстандык жана казакстандык айдоочулардын ортосунда ыңгайсыздыктар жаралган.

Бул көрүнүштөн кийин Казакстан абалды жөнгө салуу жолдорун аныктап чыккыча өзүнүн аймагынан Бишкек—Ташкент каттамындагы автобусту өткөрбөө чечимин кабыл алган.

Жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга ушул сыяктуу ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлмөк.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×