Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 15:29

Айдоочуларга экинчи тилкеден бурулууга уруксат берген жол белгисин алып салышты. Видео

Turmush -  Бишкектин Чүй жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар үчүн экинчи тилкеден бурулууга уруксат берген жол белгилерин алып салышкан. Бул тууралуу «Репортер» басылмасына шаар тургундары билдиришти.

Алар унааларга экинчи тилкеден бурулууга укук берген жол белгилерин эмне үчүн алып салышкандыгына кызыгып жатышат. Айдоочулардын айтымында, жол белгинин жоктугунан аталган кесилиште узак убакытка созулган тыгындар пайда болууда.

Шаар тургундары тиешелүү кызматтардан чара көрүүнү суранып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×