Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусуМанас району 12.02.2019 15:11

Айыл турмушу: Манастык ишкер Н.Жумабаева спорттук, классикалык кийимдер тигилген ишкана иштетүүдө (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 31 жаштагы тургуну Назира Жумабаева тигүүчү ишкана ачып, 8 адамды иш менен камсыз кылды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда цехте мырзалар үчүн асты-үстү менен спорттук кийимдер, классикалык кийимдер тигилип жатат.

«Кол өнөрчүлүк менен 10 жылдан бери алектенип келем. Кичинемден таенем үйрөтүп, өзү менен кошо алып жүрчү. Оюнга кызыгып чуркап кетсем дагы болбой алып келип тиктирчү. «Кичинесинен бул ишти өздөштүрсүн, кийин чоңойгондо жашоосуна керек» деп эле айта берчү. Ошондон уламбы жогорку окуу жайга барбай, 2006-жылы кесиптик лицейдин тигүүчү бөлүмүн аяктагам. Практика жүзүндө Бишкек шаарында, Москвада иштегем. Бычмачылык өнөрүм дагы бар. Кездемелерди өзүм бычып тигем. Учурда долбоордун негизинде чакан тигүүчү цех иштетип жатабыз. Бизде жалпы 8 адам иштейт, 4 тигүүчү кыз бар. Башында ар бир сантиметрине чейин карап, кылдат тигип жаттым. Азыр болсо көз болжолу менен тигем. Башында бычканды билбей, өзүм бычканды билсем элден башкача модель чыгармакмын деп ойлой берчүмүн. Бычканды үйрөнүп алгандан кийин деле кийимдин жаңы моделин чыгара элекмин (күлүп).

Учурда цехтен эркек адамдарга асты-үстү менен спорттук, классикалык кийимдер чыгат. Ар бир кийимди 40 сомдон баштап, 100 сомго чейин тигишет. Негизи үйдө жумушсуз отурган кыз-келиндер көп. Аларга шыгына жараша жумуш ордун түзсөк деген жакшы ойлор бар», - деди ал.

Чебер-ишкер айым 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×