Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Талас облусуКара-Буура району 12.02.2019 14:30

Айыл турмушу: М.Жумабекова буйрутма менен кийимдерди, пардаларды тигип, септерди да даярайт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын 44 жаштагы тургуну Майрам Жумабекова тигүүчүлүк кесибин аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында төрөлгөн. 2001-жылы Көк-Сай айылына келин болуп келген.

«Негизги кесибим тигүүчү. 1995-жылы борбордогу орто кесиптик окуу жайды аяктагам. Балдарым жаш болуп, ортодо тыныгуу көп болду. Берилип иштеп баштаганыма 3-4 жыл болду. Апам бир аз тигип калчу. Кайын энемден дагы үйрөндүм. Ага кошумча жөндөмүм болгондуктан ушул кесипти аркалап калдым. Ар түрдүү кийимдерди кыскартып, узартып, оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, кийим-кече, пардаларды тигем. Кышында кийчү жылуу курткаларды тигип калам. Балдарымдын кийим-кечесин колдон келишинче өзүм тигип камсыздайм. Кездемелерин Бишкектен кайын эжем салып жиберет.

Кездеменин сапатын кармап көрүп эле билем. Атайлап кийим тигип сатпайм. Буйрутма беришсе ошого жараша тигем. Кайын энемдин кол өнөрчүлүгү бар болгон. Шырдактарды жасачу, жер төшөк тигип, курак курачу. Жер төшөк жасап, курак кураганды үйрөнүп, азыр дагы жасап келем. Буйрутма болуп калса кыздардын дагы септерин даярдайм. Баарына өзүм жетишем», - деди ал.

Тигүүчү айым 2 уул, 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×