Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Талас облусуКара-Буура району 13.02.2019 09:12 Жаңыланды: 13.03.2019 19:40

Айыл турмушу: Кара-бууралык Нурболот уста чет өлкөдөн материалдарды алдырып, эмеректерди жасайт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Күрүчбек уулу Нурболот 5 жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, буюмдарды көбүнчө өзүнүн фантазиясы менен жасайт.

«Алгач Бишкекте 1 жыл окуучу болуп, жыгач менен иштегенди үйрөндүм. Дагы 2 жыл иштеп, бригадир болдум. Азыркы учурда айылда атайын чакан устакана ачып иштеп жаткан кезим. Айылда ишкана ачканыма 1 жылдай болду. Муну үй-бүлөм, ата-энем, бир туугандарымдын колдоосу менен ачтым. Азыркы учурда жасаган буюмдарыбыз көп. Мисалы, учурда ашкана эмеректерин, чакан эмеректерди жасайм. Буйрутма берген адамдын табитине жараша жасап берем. Кээ бирөөлөр өздөрү "мындай кылып жасап бериңиз" деп суранып кетет. Айтканындай кылып жасап берем. Көлөмү чоң болсо 5-10 миң сомдун тегерегинде, кичинекейлерди 150 сомдон өйдө болот.

Көбүнчө буйрутмалар Кара-Буура районунун ичиндеги айылдардан болот. Былтыр кичине жарнама болуп, быйыл эми буйрутма берип башташты. Киреше түшкөндө эле баары керектүү нерселерге жумшалат. Азыркы учурда жалгыз иштейм. Алдыда пландар көп. Ишкананы чоңойтуп, чоң станокторду алып, кара жыгач менен иштеп баштасам деген пландар болуп жатат.

Кичинекей буюмдарды жасаганга 1-2 сааттай убакыт кетсе, чоңдорун 2-3 күндүн ичинде жасап коём. Ал эми керектүү материалдарын Казакстандын Жамбыл шаарынан алдырам. Ар бир нерсенин материалы өзүмдөн чыгат. Ишканада керектүү жабдыктардын баары бар. Азыркы учурда чай ичкен столдорду, ашкана эмеректерин, жуунучу эмеректерди, майда буйрутмаларды жасап жатам. Моделин өзүбүз ойлоп таап, фантазияны иштетип жасай берем. Кээде интернеттен карап алам», - деди уста.

Нурболот уста үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×