Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Ош 27.04.2019 20:00 На русском

Айыл турмушу: Зиодин Балтабаев атасынан үйрөнгөн өнөр аркылуу киреше табат (сүрөт)

Зиодин Балтабаев, Ош шаарынын тургуну
Зиодин Балтабаев, Ош шаарынын тургуну
// Turmush

Turmush -  Ош шаарынын 40 жаштагы тургуну Зиодин Балтабаев 23 жылдан бери бут кийим оңдоп эмгектенип келет. Ал бул иш атасынан калганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Зиодин мырза бут кийим оңдооду 14 жашынан тарта үйрөнүп баштаган. Ал эми атасы бул ишке 11 жашынан тарта аралашкан.

«Адал эмгек менен тер төгүп иштегениме 23 жылдан ашты. Бул иш менен алектенгениме өкүнбөйм. "Ар бир кесип ардактуу дегендей", бул кесиптин ээси болгонума кубанам. Мындан сырткары ачкычтардын түрүн жасайм», - дейт ал.

Алгач ишин жактырбаганын айткан Зиодин Балтабаев: «Башыда кызыккан жокмун. Үйрөнгүм келбей, ар кандай жумуш жасап жүрдүм. Москвага чейин барып иштеп көрдүм, бирок болгон жок. Акыры бул кесип кирешелүү экенин билип, иштей баштадым. "Башка түшкөндү көз көрөт" демекчи, башка түшсө жасайт экенсиң. Жаңы бут кийим тиге алам. Бирок ал ишти баштоого азырынча каражат жетишсиз», - деди.

Анын айтымында, бут кийимин оңдотууга таштап, бирок 3 жылдан бери алып кетпегендер да бар.

«Ар түрдүү окуялар болот. Кээде үйү же унаасы бекилип калган адамдар телефон чалышат. Караңгыда көчөдө калбасын деп жардам беребиз. Иш убактыбыз эртең менен саат сегизде башталып, кечки сегизде жыйынтыкталат. Бир күндө эң аз дегенде 50-60 адам келет. 3 жылдан бери ээсин күткөн бут кийимдер да бар.

Бут кийим оңдогон жайда 5 адам эмгектенет. Күнүнө орто эсеп менен 700-800 сом түшөт. Ал эми бут кийимдерди 50 сомдон 200 сомго чейин оңдойбуз. Көбүнчө студенттер келишет. "Устаттан шакирт өтүптүр" дегендей мыкты шакирттерибиз жок эмес. Бири Москвада эмгектенсе, экинчиси Германияда иштеп жатат. Бирок азыр шакирт тарбиялоо менен алектенбей калдык. Себеби жаштар кызыгышпайт. Буйруса бут кийим оңдоочу жай ачууну пландап жатам», - деди ал.

Уста үй-бүлөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×