Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 12.02.2019 10:10

Айыл турмушу: Аттын астында калып, башка тепки жеген көк бөрүчү Турусбек (сүрөт)

Turmush -  Турусбек Асанакун уулу Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында 1991-жылы төрөлгөн. Ал мектепте окуп жүргөндө эле 8-классынан баштап улак тартыш ойноп, кийин көк бөрүгө баш-оту менен кирген. Ал достору менен бирге көк бөрү боюнча айылдан курама команда түзүп, райондук деңгээлдеги оюндарга чыгышкан. Учурда Турусбек «Долон» командасында ойнойт.

«Башында жайлоого чыгып ойноп жүрдүк. Кийин айылдан команда курап чыктык. Андан кийин Нарындан команда курап, Бишкекке бардык. “Долон” командасынын түзүлгөндүгүнө 2 жыл болду. Курамында бардык райондордон келген көк бөрүчүлөр бар. Бул оюн чыныгы эр жигиттин оюну. Көк бөрү дегенде уктабай да калган күндөр болгон. Мелдеште жигит башын канжыгага байлап алып ойнойт», - деди ал.

Турусбек Асанакун уулу башка облустарга караганда Нарында көк бөрүгө демөөрчүлөр аз болгондуктан алар көп турнирлерге чыга албай келерин кошумчалады.

«Командада 12 бала бар. Оюнга даярданыш үчүн акча көп талап кылынат. Аттардын чөбүнө, 12 баланын тамак-ашына керектүү каражатты эсептей келгенде күнүнө эле 5 000-10 000 сом кетет. Азырынча өз чөнтөгүбүздөн сарптап жатабыз. Башка облустарга караганда Нарын көк бөрү боюнча артта. Себеби демөөрчүлөр аз. Кудай буюрса Нарындан команда топтоп, Нарындын намысы үчүн республикалык мелдешке чыгалы деген ой бар. Буга чейин Чүйгө 2 жолу барып келдик», - деди ал.

Турусбек аттын астында калып, катуу тепки жеген.

«Командадагы оюнчулардын ар бири өзүнүн милдетин так билсе эле оюн жакшы жүрөт. Оюн убагында ар кандай окуялар болуп кетет. Бир жолу Ак-Жар айылында мелдеш болгон. Ошондо ат чаап бара жатып жыгылдык. Ат үстүмдө жатат, башка бир тепкенде тебетейим ыргып кетти. Мындай учурларга өзүбүз дагы даярданабыз. Ыкмаларды үйрөнөбүз. Ушул окуядан кийин 2 бөйрөгүм ооруп жүрдү. Бул оюн азарт, чыга албайсың. Аттар бирин-бири жыгат. Оюнга кирерде эч кимге доом жок деп тил кат жазып беребиз.

Көк бөрү – мен тандаган спорт. Бул оюн жылдан жылга өсүп келе жатат. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан оюн, ошону улап келе жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×