Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Баракелде, Бишкек 12.02.2019 08:18

Бишкекте унаалардын терезесин талкалап, ичинен акчаларды уурдап жүргөн жигит кармалды (сүрөт)

Turmush -  ИИМдин кызматкерлери Бишкекте түндө унаалардын ичинен буюмдарды уурдап жүргөн адамды кармашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын февраль айынын башында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине унаалардын ичинен буюмдарды уурдоо фактысына шаар четиндеги айылдарда жашаган, мурда бир нече жолу соттолгон адамдын тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Көрсөтүлгөн маалыматтар каттоого алынып, текшерүүлөр жүргүзүлө баштаган. Ошол убакта уурулук боюнча бир нече фактылар болгон.

2019-жылдын 28-январына караган түнү белгисиз адам токтоп турган «Лексус-ES» үлгүсүндөгү унаанын арткы терезесин талкалап, ичинен 2500 доллар акчаны, «Canon» үлгүсүндөгү фотоаппарат, уюлдук телефон, ар бири 3000 сомдук энергия топтогуч 2 буюмду уурдап кеткен. Жабырлануучу Биринчи май РИИБге арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш ишке шектелип Чүй облусунун Аламүдүн районунун 1999-жылы туулган тургуну Ш.К. кармалып, Биринчи май РИИБге жеткирилген. Шектүү мурда унааларды айдап качуу жана качуу фактылары менен соттолгон. Сотко чейинки иликтөөнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө учурунда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы аныкталган.

Болжолдуу маалымат боюнча, ал 2019-жылдын 28-январында түндө Жибек жолу көчөсүндөгү үйдүн алдынан уурулук жасоого аракет кылган. Анда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалап, бирок көздөгөн максатына жетпей, окуя болгон жерден качып кеткен. 28-январь күнү таңга маал саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүндөгү үйдүн алдынан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын терезесин талкалап, ичинен 7500 сом акчаны уурдап кеткен. Бул кылмыштарга шектелген Ш.К. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×