Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Чүй облусуЖайыл району 12.02.2019 08:06 На русском

Жайыл районунун башкы архитектору Т.Койчукеев тоодогу эс алуу учурунда көз жумду

Табалды Койчукеев, главный архитектор Жайылского района
Табалды Койчукеев, главный архитектор Жайылского района
// Turmush

Turmush -  Жайыл районунун башкы архитектору Табалды Койчукеев 57 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маалым болгондой, ал 15-февралда 57 жашка толмок. Ал спорт менен машыкчу. Өткөн ишемби күнү кесиптештери менен Кемин районунун Орловка шаарындагы тоо жылгаяк базасына барган. Ал жактан инфаркт болуп, ооруканага жетпей көз жумду.

Табалды Чокеевич аталган кызматта 2017-жылдын октябрынан бери иштеп келе жаткан. Артында жубайы жана 3 баласы калды. Анын сөөгү 11-февралда Жайыл районунун Жекен айылында жерге берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×