Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Чүй облусуАламүдүн району 11.02.2019 19:34 На русском

Сүрөт — Журналист Жайнагүл Тазабекованын артында 1 жашка толо элек кызы калды

Turmush -  Бишкек шаарындагы жол кырсыктан 28 жашында көз жумган журналист Жайнагүл Тазабекова эртең, 12-февралда акыркы сапарга узатылат. Жолдошу Таалай Тотонов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, маркум Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жерге берилет.

Жайнагүлдүн артында 1 жашка толо элек кызы калды.

«Жайнагүл экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Баш кошуп жашап жатканыбызга 3 жылдай болуп калган. Мүнөзү, кыял-жоруктары, адамдык сапаты мыкты инсан эле. Жумушунда да берилүү менен иштечү.

Жубайым 1991-жылы Ысык-Көлдүн Темировка айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган. Бир топ сыйлыктарга, ардак баракчаларга татыган», - деди Т.Тотонов.

Маркум үч бир туугандын улуусу болгон. Ал эми аяштары шайыр эле деп эскеришти.

«Өзүнөн кийин 2 иниси бар. Жайнагул достордун, аяштардын арасында шайыр, адамгерчиликтүү, эч кимге жаман айтпаган, жароокер жан болчу. Жолдошу экөө бир жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшкөн. Алар борбордо жашашчу», - дешти аяштары.

Жайнагүл телевидение, радио тармагында эмгектенип жүрүп, декреттик өргүүгө чыккан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсык 11-февралга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкектин Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны 1985-жылы туулган Т.Т.Н. — маркумдун жолдошу батыш багытка башкарып бара жаткан. Жолдон башкаруусун жоготуп, унаа мамыны сүзүп токтогон. Анын кесепетинен катуу жаракат алган Ж.Тазабекова көп узабай көз жумуп, айдоочу жаракат алган.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтабыз.

Сүрөттөр Таалай Тотонов жана маркумдун социалдык түйүндөгү баракчасынан алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×