Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-апрель
Баракелде, Бишкек 11.02.2019 18:32

Бишкекте жол эрежесин бузган «БМВ» 2 унааны кагыштырды. Видео

Turmush -  Бишкектин Элебесов жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде «БМВ» үлгүсүндөгү унаанын (номуру 08 KG 074 ADD) айдоочусу каршы тилкеге чыга калган. Анын айынан кичи автобус менен «Хонда» үлгүсүндөгү унаа кагышты. Бул тууралуу «Репортер» басылмасына кичи автобустун ээси билдирди.

Анын айтымында, «БМВ» унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыга калып, жолду торогон. Артында бара жаткан «Хонда» үлгүсүндөгү унаа токтогонго жетишпей кичи автобусту сүзүп алган. Видеодон «БМВ» унаасынын ээси токтобой кеткендигин көрүүгө болот.

Кичи унаанын айдоочусу тиешелүү органдардан «БМВ» унаасынын ээсин жазалоону суранды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×