Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 11.02.2019 17:46

Кызыл-Кыядагы жолдон өлтүрүлгөн адамдын денеси табылды

Turmush -  8-февралда Кызыл-Кыя шаарында адам өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 44 жаштагы М.А.нын денеси Иродан көчөсүнүн күн батыш тарабындагы жолдон табылган. Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип кызыл-кыялык 44 жаштагы Т.Р. аттуу адам кармалды. Ал азыр камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×