Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 11.02.2019 15:48

Кадамжайдагы уурулук кылмышка шектелген адам Бишкектен кармалды (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Орозбеков айылында уурулук кылмышка шектелген адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын 3-январына чейинки убакытта Орозбеков айылындагы эч ким жашабаган тургундун үйүнөн белгисиз адам «LG» жана «BEKO» үлгүсүндөгү муздаткычтарын, «АEG» үлгүсүндөгү мешин, 3 даана килемин жана чөп оруучу жабдыгын уурдап кеткен. Натыйжада жабырлануучуга 200 миң сом зыян келтирилген. Бул арыз Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип ошол эле айылдын 28 жаштагы тургуну А.Т. кармалды. Ал Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен кармалып, Баткенге алынып келинип, камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×