Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баткен облусуБаткен району 12.02.2019 12:51

Баткенге Тажикстандан аткезчилик жол менен массалык түрдө кирген товарлар элге сатылып жатат (сүрөт)

Turmush -  Баткендин базарларындагы сырттан кирген товарлардын көпчүлүгүндө тактама кагаздары жок. Бул тууралуу Баткен райондук санитардык, эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысынын орун басары Дыканали Жунусов билдирди.

Анын айтымында, бул товарлар чек арадан аткезчилик жол менен киргизилет.

«Товарлар сырт жактан атайын мыйзамдардын негизинде киргизилиши керек. Тартип боюнча ар бир кирген азык-түлүк же башка каражаттар чек арадан өткөндө текшерилип, тактама кагаздары берилет. Анда киргизилген товарлар боюнча түшүндүрмөлөр да кыргыз тилинде болушу керек. Бирок мындай талаптар Баткен аймагында көпчүлүк учурларда аткарылбайт. Маселен «Баткен», «Кара-Бак», «Самаркандек» базарларында Тажикстандан чыккан товарлар толтура. Тажиктер өздөрү сатып келишет. Тактама кагазы болбогондуктан кийин бул аткезчилик товарлар болот. Ал текшерилип кирбесе мөөнөтү өткөн товар же дагы кошулмалары бар болушу мүмкүн. Текшербесе элибиздин ден соолугу үчүн кооптуу. Ачык айтыш керек, биздин өткөрмө бекеттерден акча берип коюп өтүп кетишет. Мындан сырткары чек арадагы айылдарда дүкөндөрдө кошуна өлкөлөрдөн кирген товарлар документсиз сатылууда. Ушуга айыл өкмөттөр же коопсуздукту көзөмөлдөгөн органдар деле көзөмөл кылышса. Сөзсүз түрдө санитардык, эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору карашы керек эмес. Биз 1 жылда 1-2 жолу гана рейд өткөрүп, анын негизинде кароого мүмкүнчүлүгүбүз бар», - деди Жунусов.

Лейлектин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө дүкөн иштеткен ишкер Нурсултан Таирмомунов товарлардын тактама кагазы аларды сатып келген тажик ишкерлеринен алына тургандыгын билдирди.

«Биздин элдин талабы тажик товарлары болуп жатат. Жума сайын айылыбыздын эли Тажикстанга барып, соода кылып келишет. Андыктан биз өзүбүздүн дүкөнгө тажик товарларын алып келип койгонбуз. Бул жерге тажиктер да, кыргыздар да келгендиктен сом да, сомани да пайдаланылат. Анан тактама кагаздары жок. Биз аларды базарга алып келген тажик ишкерлеринен алабыз», - деди ишкер.

Баткен облусунда Өзбекстан жана Тажикстан менен 5 өткөрмө бекети бар. Алар: «Чечме», «Вадиль», «Кайрыгач», «Кызыл-Бел», жана «Кадамжай» автоунаа өткөрмө посттору. Негизинен облуска кирген товарлар аталган өткөрмө бекеттери аркылуу кириши керек. Бирок көрсөтүлгөн жерлерден эмес, такталбаган аймактар аркылуу аткезчилик жолу менен кирген товарлар да жок эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×