Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Баткен облусуБаткен району 11.02.2019 15:03

Электр, телефон байланыш жок, 6 унаа каттабайт, кышта 11 үй-бүлө гана калат: XIX кылымды элестеткен Зардалы (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Зардалы айылында СССР учурунда 1000дей кожолук жашаса, учурда 100дөй кожолук бар. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айылдан кабар алып кайтты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кышында аталган 100дөй кожолуктун 11 гана айылда калат. Калгандары район борборуна кетип калат.

«Биздин айыл кылым карыткан. Мындагы дарактар аны далилдеп берет. Мисалы 5 кылымды карыткан алмурут дарагы өсүп турат. Айылыбыздын жашоосу болсо татаал. Азыркы кылымдын жашоосуна салыштырмалуу артта. Маселен электр энергиясы жок. Жолубуз борборго алыс. Унаа болсо 6 ай бою жүрбөйт. Анткени жол жабылып калат. Шаарга 12 чакырым жалгыз аяк жол менен жөө каттоого мажбур болуп калабыз. Анан да телефон байланышы жок. Кышкысын жашоочулардын көпчүлүгү район борборуна көчүп кетишет», - деди Зардалы айылынын тургуну Тойчу Кайымбеков .
Зардалыга 1949-жылы айыл макамы берилген. Бирок андан кийин көпчүлүк жашоочулар көчүп кетишкен. 2016-жылы кайра расмий түрдө айыл макамы берилген.

«Айылда телефон байланышы, электр тогу жок. Байланыш үчүн 12 чакырымга барып сүйлөшүп келебиз. Күндүн кубаты менен иштөөчү жабдык менен электр алып күн көрүп келебиз. Алгач шам чырактар менен күн көрчүбүз. Азыр бул шайман күндүн нурунан электр энергиясын алып берет. Сыналгы да жок. Аны алып келгенибиз менен телемунара деле жок. Андыктан жаштар ар жума сайын ат оюндарын өткөрүп турабыз»,- деди Топчубай Матмуратов.

Айылдыктар өз алдынча суудан электр тогун алуучу генератор жасашкан.

«Суу менен гана иштейт. Андагы паралар суунун агымына жараша айланат. Суунун көлөмүнө жараша иштеп 12 киловатка чейин электр тогун алып берет», - деди Заррдалынын дагы бир туругуну Тойчу Кайымбеков.

Айылдагы элди баккан суу тегирмени акыркы 3-4 жылдан бери иштен чыккан.

Зардалылыктардын көйгөйү жөнүндөгү кенен маалыматты бул шилтемеден окуй аласыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×