Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.02.2019 15:31 Жаңыланды: 11.02.2019 16:19 На русском

Ооган согушунда дайынсыз жоголгон кыргызстандык О.Кочкоров тирүү табылды (видео, сүрөт)

Орозалы Кочкоров проживает в Афганистане под именем Нур Мухаммад
Орозалы Кочкоров проживает в Афганистане под именем Нур Мухаммад

Turmush -  Ооган согушунда дайынсыз жоголуп, каза болгондордун тизмесине илинген кыргызстандык Орозалы Кочкоров тирүү табылды. Ал азыр Ооганстанда үй-бүлө күтүп, электрик болуп иштеп жатканы тастыкталды.

Орозалы Кочкоров Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Аримжан айылында туулган. Ал 10 бир туугандын бешинчиси. 1981-жылдын 4-апрелинде 18 жаш куракка толгондо аскердик милдетин өтөөгө кетип, андан кийин Ооган согушуна жөнөтүлгөн.

Бир тууган агасы Аскарали Кочкоровдун айтымында, иниси 18 жашка толгондо аскердик кызматын өтөөгө кеткен. Ал мезгилде Аскарали Оруссияда кызмат өтөп жүрүп, инисин узата алган эмес жана андан кабары жок болчу.

«Мен келсем иним аскерге кеткен экен. Анын аман кайтып келишин эле тилеп жүрдүк. Иним кызматын өтөп, кайра кайтаарда 1983-жылдын 12-апрелинде душмандардын колуна түшүп калган экен. Издеп таппай коюшуптур. Бизге ошо мезгилдеги колхоздун тийиштүү жетекчилер келип, жаман кабарды угузушту. Бизге баш кийими менен курун алып келишип, дайынын таппай жатышканын айтышты. Апам аябай кыйналып, ошол уулун жоктоп жүрүп көз жумду. Апам «ушундан көрө өлүгү келбейт беле» деп көп кыйналды. Каза болуп калса көксөөсү канат, дайыны жоктугу адамды катуу убай тарттырат экен. Ал мезгилде эл арасында «совет жоокерлерин кулагын кесип барса акча берет экен. Тирүү кармап барса чоң суммадагы акча коюлат экен» деген сыяктуу сөздөр апамдын жүрөгүн көбүрөөк оорутчу. «Балам тирүү болсо кантип жатты экен?» деген суроолорду көп берчү. Апам мени ээрчитип алып көп көзү ачыктарга барды. Алардын көпчүлүгү «балаңыз тирүү, кимдир бирөөлөрдүн колунда жүрөт» деген көп айтышты. Күчтүү көзү ачык келиптир деген сөздөрдү угаары менен инимдин сүрөтүн көтөрүп, мага: «көзү ачыкка алып барып кел» деп шашып калаар эле. Көп убакыт уулунун каза болгонуна ишенбей жүрдү. Жылдар өтүп кеткендиктен акыры үмүтүн деле үздү. Бирок жүрөгү кыйналды. 1997-жылы апам дүйнө салды.

Биз да күттүк, дайынын тапкан жокпуз. Акыры «каза болгон окшойт» деп ойлоп калдык. Ага багыштап куран окуп коюп жүрдүк. 2000-жылдарга чейин дайынсыз жүргөндөрдүн катарында болду. Андан кийин каза болгондордун тизмесине кошулду. «Жди мения» программасына бардык, телеканалдарга дагы кайрылып көрдүк. Кабар болбогондуктан биз деле «дүйнө салган окшойт» деген бүтүмгө келип калганбыз. Былтыр Россиянын бир каналында ушул ооганчыларга арналган көрсөтүүдө кокустан инимди көрүп калып, дароо интернеттен карадык, жазбай тааныдык. Тийиштүү тараптарга кайрылдык. Ооганчылар кеңешине кайрылып, инибиздин дайынын таптык. Азырынча байланыш боло элек. Эгер бизди чакырса барып жолугуп келүүгө даярбыз. Биз кабарды угуп кубанып турабыз», - дейт бир тууганы Аскарали Кочкоров.

Анын айтымында, Орозали Кочкоров мектептин 8-классын бүткөн соң, кесиптик техникалык окуу жайга тапшырган. Андан электрик кесибине ээ болуп, Ленин колхозуна жумушка орношкон. Бир ай эмгектенген соң, Ооганстанга жөнөп кеткен.

Жоокер барымтага алынаардан 2-3 саат мурун сүрөткө түшкөн эле...

Орозали Кочкоров барымтага алынардан 2-3 саат мурун сүрөткө түшкөн эле. Ал учурда аны менен бирге кызмат өтөп жүргөн Ооган согушунун ардагери Абдулхамид Мансуралиев тартып алган.

«Биз Ооганстанда №371 полкто мен 7-ротада Орозалы 9-ротада кызмат өтөп жүрдүк. Жаткан жерлерибиз жакын болчу. Балдар менен кошо рейдге чыгаар элек. Мен сүрөткө тартууга кызыккандыктан фотоаппарат дайыма жанымда болчу. 1983-жылы апрель айында кызмат өтөө мөөнөтүбүз бүткөнү боюнча буйрук келип, кетебиз деп жатканбыз. Акыркы жолу Герат шаарында 10 күндүк рейдге чыкканбыз. Кайтаар күнү Орозали: «Досум, мен көгүчкөн кармап алдым, сүрөткө тартып койчу» деп кубанып келди. Мен аны сүрөткө тарттым. Биз менен олтуруп, чай ичип, чыгып кеткен. Сүрөткө түшкөнүнө 2-3 саат өтпөй жатып эле «Бир жоокерди басмачылар кармап алышыптыр» деп калышты. Биз кайта турган күн болчу, үч күнгө жылдырылды. Анткени биз Орозалыны издедик. Таппай койдук. Үч күн ошол Герат деген жерди издөөгө алдык. Анын баш кийимин жана белиндеги солдаттык курун гана канга боёлгон бычак менен тилинген абалда табылды. Мен анын сүрөтүн ошол мезгилден бери сактап жүрдүм. Анын тирүү табылганы мага да күтүлбөгөн эң сонун кабар болду», - дейт бирге кызмат өтөгөн досу.

Ооган согушунун катышуучусу Орозалы Сартбаев дагы О.Кочкоров менен бирге кызмат өтөгөнүн айтат.

«Өзбекстандык жигит экөө колго түшүп калышкан экен. Мен издөөгө катышкан жокмун, бирок ошол жерде жагдай боюнча кабардар болдум. Жөнөгөнү жатканда досубузду душмандар кармап кетиптир. Өзүн атууга да куралында ок түгөнүп калышы мүмкүн. Билинбеген шарттар да болушу мүмкүн. Башкысы досубуз аман экен. Бул багытта ооганчылар кеңеши иш алып барууда. Буйруса ал менен жолугушчу күндөр да алыс эмес», - дейт О.Сартбаев.

Маалым болгондой, учурда Орозалы Кочкоровдун ысымы өзгөртүлүп, Ооганстанда Нурмухаммед Кочкоров катары жашап жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×