Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Баракелде, Бишкек 11.02.2019 14:46 EnglishНа русском

Жол кырсыктан 28 жаштагы журналист көз жумду

Turmush -  Бишкек шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы журналист Жайнагүл Тазабекова көз жумду. Ал акыркы жолу «Пирамида» телеканалында эмгектенип жүрүп, декреттик өргүүгө чыккан. Артында 1 жашка толо элек кызы жана үй-бүлөсү калды.

Маркум буга чейин телевидение, радио тармагында эмгектенген эле. Журналисттик жогорку билимди Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен алган. Маркумдун жолдошу акыркы сапарга узатуу иш-чарасы эртең, 12-февралда Чүйдүн Аламүдүн районунда өтө турганын билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсык 11-февралга караган түнү болгон.

Кийинчерээк Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсык 11-февралга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкектин Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун билдирди. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны 1985-жылы туулган Т.Т.Н. — маркумдун жолдошу батыш багытка башкарып бара жаткан. Жолдон башкаруусун жоготуп, унаа мамыны сүзүп токтогон. Анын кесепетинен катуу жаракат алган Ж.Тазабекова көп узабай көз жумуп, айдоочу жаракат алган.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтабыз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×