Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Нарын облусуКочкор району 11.02.2019 14:43

Майып кызы менен батирде турган өтүкчү жубайлар ижарага алган жердин мөөнүтүн узарта албай убара. Айыл өкмөт эмне дейт?

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Жыпар Айманбаева акыйкаттык издеп, тиешелүү органдарга кайрылып келет. Анын айтымында, ижарага алып иштетип жаткан жеринин мөөнөтүн Кочкор айыл өкмөтү бир жылдан бери узартып бербей, убара кылууда.

Жыпар Айманбаева 3 кыздын энеси, 2012-жылы төрөлгөн кичүү кызы Айдай (аты өзгөртүлдү) тубаса майып. Күйөөсү Альберт Алканов экөө кыздары менен Кочкор районундагы Теңдик айылында батирде күн кечиришүүдө. Алар 2012-жылы Кочкор айылынан муниципалдык жерди ижарага алып, ал жерге өтүккана ачкан. 2017-жылы аталган жердин ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндүктөн Жыпар Айманбаева айыл өкмөткө кайрадан кайрылган.

«Кызыбыз Нурайдын (аты өзгөртүлдү) дары-дармегине, батирге каражат табуу, жаныбызды багуу үчүн жолдошум экөөбүз көп ойлондук. 2012-жылы ноябрь айында райондук "Эмгек Туусу" гезитинде муниципалдык менчик жер аукционго коюлуп жаткандыгы тууралуу жарыяны окуп калып аукционго катышып, 18 чарчы мерт жерди ижарага алдык. Андан соң 5 жылдык келишим түзүп, документ алдык. Бул жер аялдамага жабышып тургандыктан калкты тейлөө багытында чакан күркө, киоск, өтүккана ачууга болот. Бул жер кодексинде каралган. Ошентип калкты тейлөө үчүн өтүккана иштете баштадык. Бош учурда келип, жолдошума жардам берип иштеп келем. Биз өтүккана иштете баштагандан тартып, маңдайыбыздагы дүкөндүн ээси "силер менин дүкөнүмдү тосуп алып, мага жолтоо болуп жатасыңар. Мен силерди бул жерден алдырам" деп айтып келди. Биз ушул убакка чейин унчукпай келдик. Себеби, бизде айыл өкмөт менен келишим бар болчу. Биз эч кимге тоскоолдук жаратпай эле турабыз. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун үстүндө жайгашкан эмеспиз. 2017-жылы май айында Анарбек Солтонкулов Кочкор райондук экотехинспекцияга "мыйзамсыз иштеп жатышат, алгыла" деп арыз менен кайрылыптыр. Арыздын негизинде экотехинспекциядан текшерип келип, келишимибизди көрүп, баары мыйзамдуу экенине ынанып "иштей бергиле" деп кетишкен. 2017-жылдын декабрь айында биздин 5 жылдык келишимибиздин мөөнөтү аяктамак. Ошол мөөнөттү узартуу үчүн Кочкор айыл өкмөтүнө барып арыз жазып, кол койдуруп, виза бастырып, документтеримди жер адиси Султан Бейшенкуловго таштап келгем. Бирок ушул күнгө чейин мага ижарага алган жердин мөөнөтүн ар кандай шылтоо менен узартып бербей жатышат. 2019-жылы февраль айында Кочкор айыл өкмөтүнүн жер адиси Султан Бейшенкуловго кайра барсам, "силердин павильон алынат" деди. Бул маселе боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Омор Сүйүналиевге кирип, биздин өтүккананы алуунун себебин сурап, жашоо шартыбызды айтып бердим. Ал болсо "жайында кымыз сатасыңар, ижарага да бересиңер, ошондуктан ижарага жер бербейм" дейт. Бизден башкалар деле кымыз сатышты. Сезон убагында мен да иштеп калышым керек да. Ижарага берүүмдүн себеби, ошол убакта кичүү кызымды Түркияга дарыланууга алып бармакмын. 4 ай бош турганча деп ижарага берип койгонбуз. Менден башкалар деле муниципалдык жерди ижарага көп жылга алып коюп, кайра башка адамдарга субижарага берип жатышпайбы», - деди ал.

Жыпар Айманбаева: «Ошол дүкөндүн ээси Анарбек Солтонкулов 606 чарчы мерт жерди айыл өкмөттөн ижарага алып, ал жерге коюлган 5 дүкөндү башкаларга ижарага берет. Калыстык каякта, буларды ким көзөмөлгө алат? Мен Кыргызстандын жараны болгондон кийин мен да үй-бүлөмдү багышым керек. Кочкор райондук прокуратурасында жана райондук экотехинспекцияда Алканов Альберттин (күйөөсү) жеринин мөөнөтү узартылып берилсин деп жыйынтык чыгарышыптыр. Биздин 18 чарчы метр өтүкканабыз эч кимге тоскоолдук жаратпайт. Президент жакырчылыктан чыккыла деп айтып жатат. Өз жаныбызды өтүккана менен багып жатсак, айыл өкмөт колдоого албай, ижара келишиминин мөөнөтүн узартып бербей жатат. Ижара акы да кымбаттап жатыптыр. Бул айыл өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча башкы прокуратурага, президенттин жарандарды кабыл алуу сайтына арыз менен кайрылып келдим. Эми жообун күтүп жатам», - деп кошумчалады.

Бул маселе боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Омор Сүйүналиев буларга токтолду.

«Кочкор айылы өнүгүү борборундагы 20 шаардын катарына киргендиктен жол боюндагы соода түйүндөрүн тазалоо боюнча Кочкор жана Жумгал райондук экотехинспекциядан тапшырма келген. Бирок ушунча павильондон эл жанын багып, айыл өкмөттүн бюджетине акча түшүп жаткандыктан деп, ижарага келишимин бир жылга узартып берүү каралып жатат. Кандайдыр бир объект жол жээгине жакын жайгашып, коопсуздукту сактабаса, мыйзамсыз иштеп жатса мыйзам чегинде карап чара көрөбүз. Ал эми ижара акынын кымбатташы боюнча айта турган болсок жер кодексине өзгөртүүлөр кирген. Коэффициенттер 339-беренеде көрсөтүлгөн», - деди ал.

Ал эми «Шумкар» дүкөнүнүн ээси Анарбек Солтонкуловдун уулу Керим Солтонкулов: «Мен ижарага алган жерди азыркы замандын талабына ылайык таштаман төшөп, шартын жакшыртышым керек болчу. "Бардыгы 50 сом" деген дүкөндүн алды тосулуп калды. Алар товар киргизе албай калышты, тоскоолдуктар көп болууда. Бул маселе мыйзамдуу чечилет деген ойдобуз. Дагы башка жактардын пикирин угууга даярбыз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×