Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баракелде, Бишкек 11.02.2019 13:37

Кыргыз чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Нигериянын жарандары кармалды

Turmush -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Нигериянын жарандары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

6-февраль күнү УКМК КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Манас-аэропорт» көзөмөл-өткөрмө жайында Кыргызстандын электрондук визасынын жасалма көчүрмөсү менен чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жатышкан чет өлкөлүк адамдарды кармашкан. Алар Нигериянын жарандары — 1979-жылы туулган Икене Анайо жана 1997-жылы туулган Карим Ахмед Оламилекан экендиктери аныкталган.

Тышкы миграция боюнча бирдиктүү каттоо системасы нигериялык 2 жарандын визасы КРнын электрондук визаларына дал келбегендигин көрсөткөн.

Бардык жагдайлар иликтенип бүткөндөн кийин алар Кыргызстандан депорттолду.

Учурда Тышкы миграция боюнча бирдиктүү каттоо системасынын 2-этабын ишке киргизүү боюнча жумуштар пландалды. Анын жыйынтыгында тышкы миграцияны иштиктүү көзөмөлдөөгө жана министрлик, ведомстволор тарабынан өлкөдөгү миграция абалын анализ кылууга шарт түзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×