Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Чүй облусуСокулук району 11.02.2019 12:40 На русском

Сокулукта жөө жүргүнчүнү унаа сүзүп кетти. Видео

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында Бишкек—Кара-Балта жолунда жөө жүргүнчүнү «Daewoo Nexia» үлгүсүндөгү жеӊил унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

«Кырсык 9-февраль күнү болжол менен саат 14:30 чамасында болду. Айдоочу качкан эмес. Ал дароо унаасын токтотуп, тез жардам чакырууга жардамдашты. Алгач Сокулук районунун тез жардамы келип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Жабырлануучунун туугандары аны Бишкек шаарындагы ооруканага алып кетишкен», - деп билдиришти күбөлөр.

Ал эми Чүй облустук ЖКККБ аталган окуяны тастыктап, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жөө жүргүнчү жолду кесип өтүп, жол кырсыгына кабылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×