Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Ош облусуНоокат району 11.02.2019 12:37

Ноокатта 25 жылдан бери иштетилбей турган каналды 4,5 млн сомго оңдошту

Turmush -  Ноокат районунун Кара-Таш айылынын аймагына караган 700 метрлик эски канал оңдолду. Бул тууралуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Шухрат Гафаров билдирди.

Анын айтымында, оңдоодон өткөн канал 25 жылдан бери иштетилбей келген.

«Кара-Таш айыл аймагында чоң каналдан башка дагы кичинекей канал бар болчу. Ал 25 жылдан бери иштетилбей, бетондору талкаланып калган. Каналды оңдоого 4 млн 500 миң сом сарпталды. Анын 4 млн сому инвесторлор тарабынан бөлүнсө, 500 миң сом жергиликтүү бюджеттен каралган. Канал арматура менен курчалып, 25 см калыңдыкта бетон куюлду. Кара-Таш айыл өкмөт башчысы каналдын жээгиндеги дарактарды кестирип, жергиликтүү бюджеттен 70 миң сом бөлдүрүп берген. Каналга суу Капка суусунан келип, Мирмахмудов айыл өкмөтүн сугат суу менен камсыз кылат. Ал жалпы 249 гектар жерге суу жеткирет», - деди Шухрат Гафаров

Аталган канал 1962-жылы курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×