Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Талас облусуКара-Буура району 11.02.2019 14:16

Жубайлар: Мария апа келин болуп келгенде туздуу тамак жасаса да кайын журту сыр бербей жеп жүргөнүн кийин билген (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы 63 жаштагы Курманбек Жумабаев менен 56 жаштагы жубайы Мария Мырзанаева экөө 33 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Мария айым: Мен Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында төрөлгөм. Жолдошум менен 1986-жылы таанышып калганбыз. Мен эжесине жагып калып, анан эжеси «ушундай жакшы кыз бар, тааныш» деп сунуштаптыр (күлүп). Ошону менен бири-бирибизге жагып, макулдашуу менен турмушка чыккам. 23 жашымда келин болуп келдим. Чогуу түтүн булатканыбызга 33 жыл болот. Ушунча жыл жашап, мага үнүн бийик көтөрүп же ачууланган эмес. Же мен ызы-чууга жол бербедимби, же ал жол бербейби билбейм (күлүп).

Жаңы келин болуп келгенде кайын энемдин абысыны келип жоолук салган болчу. Көрсө өзүмдүн кайын энем тоодо болуп кеч келген эле. Мен тааныбайм да. Жаңы келгенде балпайган татынакай эне келип эле мага жоолук салып, жакшы көрүп жатат. Ал көрсө менин апамдын улуу абысыны экен. Аны кайын энем экен деп аябай жакшы көрүп, көзүмө жылуу көрүнүп калган. Анан кайын энем шашып келип калды. Менде энеге деген мээрим өтө күчтүү. Себеби өзүм энеден эрте ажырагам. Кайын энемди жакшы көрдүм, кайын энемдин абысындарынын баарын жакшы көрүп жүрдүм.

Кош бойлуу кезде туздуу тамакка талгак болуп, тамакты туздуу кылып жасап жүргөнүм эсимде (күлүп). Анан ооруканага эжемдин кыздары жатып калып, мен тамак жасап барсам элдин баары «тузу ачуу экен» деп жебей койду. Мага ошондо жетти. Көрсө үйдөгүлөр мени сыйлаганданбы же келин уялып калбасын дегенби, айтор туздуу болсо да жеп жүрүшкөн экен (күлүп). Ошондо байкап калып, тамак бышырганда апама «тузун көрүп бересизби» деп кайрылып жүрдүм. Боюмда барда шекер көрсөм эле кускум келип, үйдөгүлөр столдун астына бекитип алып ичишчү.

Курманбек мырза: Мен Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында төрөлгөм. Экөөбүз 1986-жылы 20-августта баш кошконбуз. Үйгө «УАЗ» үлгүсүндөгү унаа менен алып келгем (күлүп). Мага жубайымдын түшүнүктүүлүгү жагат. Баарына түшүнүү менен мамиле кылат. Баардыгын салмактап, көрүп анан чечим чыгарат. Учурда 2 кыз, 1 уул, 3 неберенин ата-энесибиз. 2 кызыбыз турмушта, уулубуз жогорку окуу жайда окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×