Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 11.02.2019 12:14 На русском

Ат-Башынын тургуну паспортунун мөөнөтү бүтсө дагы 4 жыл бою жөлөк пул алып келген

Turmush -  Ат-Башы районунун тургуну паспортунун мөөнөтү бүтсө дагы 4 жыл бою мамлекеттен жөлөк пул алып келген. Бул окуяны Turmush басылмасынын кабарчысы тактап көрдү.

Ат-Башы айылынын 43 жаштагы тургуну Майрамбек Султанов 3-топтогу майып жаран болуп катталып, 1995-жылдан бери жөлөк пул алчу. Анын паспортунун мөөнөтү 2010-жылы бүтүп, бирок андан кийинки 4 жыл катары менен мамлекеттик бюджеттен ага каражат бөлүнүп турган. 2014-жылы гана анын паспортунун мөөнөтү бүткөнүн билишип, жөлөк пул берүү токтотулган.

Алгач бул окуя тууралуу Майрамбек Султанов өзү дагы кабардар болбой, 2018-жылдын күзүндө агасы Р.Султанов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылганын айтты. Бирок башкармалыктын кызматкерлери М.Султановдун делосун 3 күн таппай коюшуп, агасы прокуратурага арыз жазган. Анын негизинде М.Султановдун делосу табылып, учурда бул иш прокуратуранын кароосунда турат.

Ал эми Ат-Башы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы М.Султановго кайрадан жөлөк пул чектелгенин билдирип, жардамдын көлөмү 6 миң сомго жеткени белгилүү болду.

М.Султановдун бир тууган агасы Рахатбек Султановдун айтымында, алар жалпы 11 бир тууган.

«Иним М.Султанов 3-топтогу майып болуп катталган. Жалпы 11 бир тууган болсок, ал бешинчиси. Мурда Кара-Булуң айылында жашап жүрүп, азыр Ат-Башыда турат. 2014-жылы 3 миң сом өлчөмүндөгү пенсиясы токтоп калып, ал тууралуу айтпай жүрө берген. Мен 2018-жылы күзүндө билип, Ат-Башы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылдым. Алгач делосу табылбай, “өрттөнүп кеткен го, эскилерин өрттөйбүз” деп жооп беришкен. Иш прокуратурага өткөндөн кийин гана делосу табылды. Бирок паспортунун мөөнөтү 2010-жылы эле бүткөн экен. Кайра жаңы паспорт алуу үчүн керектүү документтерди бердик. Ал эми 2014-жылга чейинки пенсияны социалдык башкармалык кайра мамлекетке төлөп бериши керек экен», - деди ал.


Ат-Башы

Кабарчыбыз бул маселе боюнча Ат-Башы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ишенбай Үсөналиевге да кайрылды. Бирок ал суроолорго так жооп берген эмес.

«Бизде жөлөк пул алып жаткан ар бир адамдын паспорттору, делосу толук сакталып турушу керек. Бул жаранга (М.Султанов) паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендиги эскертилген. Ал 2014-жылдан бери жаңы паспорт албай жүрө берген. Биз алгач эскертүү беребиз, андан кийин 3 айдын ичинде токтойт.

2014-жылдан бери жөлөк пул албай калган М.Султанов жоголуп кетип, аны агасы таап келген. Документ алуу үчүн сүрөткө түшүрдүк, февраль айынан бери 6 миң сом ала баштайт», - деди И.Үсөналиев.

И.Үсөналиев

 И.Үсөналиев, Ат-Башы

Ал эми Ат-Башы райондук прокуратурасына 31-январда М.Султанов жөлөк пул албай калгандыгы жана аны кайрадан карап берүү тууралуу өтүнүч менен арыз түшкөн. Райондук прокуратура бул арыз 14 иш күндүн ичинде карала турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×