Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Нарын облусуКочкор району 11.02.2019 08:03

Кочкордо дагы бир спорт зал ачылат

Turmush -  Кочкор районунун Төлөк айылындагы Сөң-Көл орто мектебинин спорт залынын курулуш иштери улантылат. Мектеп директору Касымбек Мамбеталиевдин айтымында, буга чейин спорт залдын жоктугу көйгөй болуп келген.

«Окуучуларга дене тарбия сабагын ачык асман алдында өтүп, айрыкча кышкысын кыйын болчу эле. Окуучулардын спорт залга болгон муктаждыгы чечилип, өткөн жылдын апрель айында заманбап үлгүдөгү спорт залдын курулушу башталган. Ага өлкө казынасынан 29 миллион сом бөлүнүп, анын ичинен 10 миллион сомуна спорт залдын дубалы түргузулуп, чатыры жабылды. Учурда суукка байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтоп турат. Жаз алды менен курулуш иштери улантылат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×