Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Чүй облусуЖайыл району 10.02.2019 00:29 Жаңыланды: 10.02.2019 15:25 На русском

Чүйдө досунун туулган күнүн белгилегенден кийин 26 жаштагы жигиттин тоңуп калган денеси табылды

Жайыл району
Жайыл району

Turmush -  Жайыл районунун Степное айылында 26 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды.

Маалым болгондой, 9-февралда 26 жаштагы М.М. аттуу жигитти айыл эли бир күн кечке издешкен. Кечинде гана анын денеси кошуна айылдын четинен табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча М.М. тоңуп калган, анын үстүнкү кийими жана бут кийими жок болгон.

Белгилүү болгондой, 8-февралда М.М. 4 досу менен досторунун биринин туулган күнүн белгилешкен. Алар Кара-Балта шаарындагы кафелердин биринде спирт ичимдигин ичип отурушкан. Анда алардын ортосунда жанжал чыгып, алар Степное айылына кетүүнү чечишкен. М.М. мас абалда болгондуктан аны унаанын багажында салып баратышкан.

Эриктуу айылына жеткенде айдоочу унааны токтотуп, багаждагы мас абалдагы М.М.ди алып чыккан. Ал достору менен кайра мушташып, кийимдери жок үйүн көздөй кетип калган.

9-февралда эртең менен М.М. үйүнө келбегенин билишкен соң аны издеп башташкан. Аны айыл эли толугу менен издешкен. Кечинде гана кошуна айылдын четинен жансыз денесин табышкан.

М.М. жакында эле аскердик кызмат өтөп келген.

Кичинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Эриктуу айылынын четинен бир адамдын жансыз денеси табылганы маалымдалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан ал жарандын өздүгү такталып, ал Степное айылынын 26 жаштагы тургуну М.М. экени аныкталган.

Каза болгон жаран 8-февралда Кара-Балта шаарында досторунун биринин туулган күнүн белгилешип, спирт ичимдигин ичишкен. Андан кийин үйгө кайтып келе жатканда М.М. дааратканага бара турганын айтып, унааны токтотууну суранган. Унаадан чыгып көпкө чейин жок болгондуктан достору издеп, таппай калышкан.

Эртеси күнү аны бир тууган агасы болуп чогуу издешкен жана анын жансыз денесин табышкандан кийин милицияга маалымдашкан. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, анын болжолдуу версиясы боюнча 26 жаштагы М.М. абдан үшүп калгандан улам каза болгон.

Териштирүү иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×