Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.02.2019 22:39

Прокуратура кызматкерлери менен жол күзөтчүлөрдүн мушташты: Балыкчыда кимдер кызматынан алынды? (видео)

Turmush -  Башкы прокуратура жол көзөмөлдөөчүлөр менен прокуратура кызматкерлеринин ортосундагы мушташуу фактысы боюнча кызматтык текшерүүнү жыйынтыктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка караганда, 2018-жылдын 23-декабрында Балыкчы шаарында шаардык прокуратура кызматкерлери жол күзөт кызматынын кызматкери менен мушташып, милициянын сержанты жараат алып, шаардык ооруканага жаткырылган. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факт боюнча ошол эле күнү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ("Кызматтык укуктарынан аша чабуу") ылайык кылмыш иши козголгон. Азыр иш УКМКнын Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтене баштады.

Кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө видеолор текшерилип, материалдар изилденген соң Башкы прокурордун буйругу менен бул окуяга байланыштуу кызматтык укуктарынан аша чабуу беренелеринин негизинде Балыкчы шаарынын прокурору, анын жардамчысы жана стажеру кызматтан алынган.

Буга чейин Балыкчы шаарында прокуратура кызматкерлери менен жол көзөмөлдөөчүлөр мушташып кетишкени маалымдалган.

Маалыматка караганда, жаңжал 22-декабрда түнү болгон. ЖКККБ кызматкерлери «Ак Кеме» постунда кызмат өтөп жатышканда ал жерге «Мазда» унаасы менен шаардын прокуратура кызматынын кызматкерлери мас абалында келишип, жол көзөмөлдөөчүлөргө тийишип, алардын ортосунда мушташуу орун алган. Милиция кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарышкан.

Кийинчерээк Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул жаңжал боюнча комментарий берип жатып, 23-декабрда ЖКККБнын инспекторуна Балыкчы шаарынын прокуратура кызматкерлери Б.Ш. жана М.М. [прокурордун жардамчылары] тарабынан денесине жараат келтирген факт катталган. Балыкчы шаарынын прокурору окуя орун алган жерде жок болгон.

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×