Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.02.2019 12:02

Суурлар көбөйүп, тынчсызданып жатабыз - Сарычат-Ээрташ коругунун башчысы

Turmush -  Сырт өрөөнүндө суурлар кескин көбөйдү. Бул тууралуу Сарычат-Ээрташ мамлекетик коругунун башчысы Муктар Мусаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы сырт өрөөнүндө 12 миңден ашуун суур бар экени аныкталган.

«Сырт өрөөнүндө жылдан жылга суур көбөйгөнү байкалууда. Бир ийинден эле 4-5 баш суур чыгууда. Бул көрүнүш бизди тынчсыздандырып жатат. Анткени суур жугуштуу ооруларды алып жүрүүчү жаныбар болуп саналат. Ошол себептен аларды азайтуу багытында иш жүргүзүү маанилүү болуп саналат. Биз тийиштүү тараптарга кайрылып жатабыз», - дейт ал.

Ошондой эле, ал бул аймакта бакалардын байырлап жатканы таң калыштуу экенин айтат.

«Анан да ак кар, көк музда ак бакалардын пайда болгону бизди таң калтырат. Бака негизинен жылуу жерди байырлайт эмеспи. Бул жакта суукта дагы ак бакалар чардап жүрүшөт.

Мындан тышкары, ак аюулар да көбөйүп, карышкырлардын саны өстү. Биз 45 фото капкандан тышкары, карышкырга да каргы салып, аларды изилдөөгө алдык», - дейт М.Мусаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×