Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Баткен облусуКадамжай району 09.02.2019 15:15

Кадамжайдын жашоочулары өкмөттүн өкүлүнө көйгөйлөрүн айтышты (сүрөт)

Turmush -  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Алга айыл аймагынын эли менен жолукту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Облус башчысы айыл аймактарда той-аштардагы ашыкча чыгымдарды кыскартуу демилгесин көтөрүп, аны ишке ашырган инсандарды «Баткен облусуна 15 жыл» юбилейлик медалы жана ардак грамоталары менен сыйлады.

Ошондой эле турак жайларды камсыздандыруу, мамлекеттик жеңилдетилген насыяларды алуу эрежелери, мамлекеттик кепилдик фондунун иш аракеттери жана 2019-жылдын 1-январында ишке кирген жаңы мыйзамдар тууралуу элге кеңири маалымат берилди. Жыйында жашоочулар Ак-Турпак айыл аймагынын аймагындагы 1000 гектар жерди өнөр жай ишканаларын ачуу үчүн трансформациялоого, мамлекеттик программага кирген Бүргөндү каналын кеңейтүүгө, Жаш-Тилек айылындагы мектептин курулушун тездетүүгө, Чоң-Гара жана Ак-Турпак айылынын ортосундагы 320 орундуу мектептин курулушун баштоого ыйгарым укуктуу өкүлдөн жардам сурашты.

Ал эми Алга айыл аймагынын эли медициналык тейлөөлөр, айылдагы санитардык тазалык, электр энергиясына байланышкан маселелерге көңүл буруу менен жаштарга турак жай куруу үчүн жер берүү, мобилдик байланыштын жана кыргыз телеканалдарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып берүүнү суранышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө элеттиктерди жаз алды менен ички арыктарды чабуу, бак-дарактарды бутоо, дарылоо жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерине активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле мамлекет тарабынан мал чарбачылыгына, дыйканчылык, багбанчылык менен жеке ишкердикке берилип жаткан арзан насыяларды пайдаланып, жашоо турмушун жакшыртуу менен региондорду өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×