Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.02.2019 15:07

Балыкчыда таксисттер майып балдарга жардам берип, аларды акысыз ташышат

Turmush -  Балыкчы шаарында «Социалдык такси» кызматынын айдоочулары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам беришти.

«Ынсап элим» коомдук бирикмесинин башчысы Төлөбек Бейшенбековдун айтымында, таксисттер ай сайын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга дары-дармек, памперс жана массаж жасатууга акчалай жардам көрсөтүүнү демилгелешкен. Бүгүн алгачкы жолу 3 балага жардам көрсөтүлдү.

«Буга кошумча ар бир таксист жеткирүүгө муктаж болгон мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карамагына алышып, дарыгерге, укалоого акысыз жеткирип турууга жоопкерчилик алышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×