Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баракелде, Бишкек 09.02.2019 14:11 На русском

УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевге кандай айып тагылды?

Turmush -  Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев кандай айып тагылганын айтты.

Тергөө органдары тарабынан ага 2016-2017-жылдары УКМКнын 9-кызматынын башчысы болуп турганда кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, Турак жай кодексинин талаптарын одоно бузуп, кызматтык батирлерди берүүдө кезекке акыркы тургандарга мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча айып тагылган. Аларга 15 кызматтык батир бөлүнүп берилген, анын ичинен 3 кызматкер мурун эле батирге ээ болгон. Д.Мусакеевдин мыйзамсыз иш аракеттеринин натыйжасында чынында турак жайга муктаж болуп, кезекке турган 9-кызматтын 18 кызматкери батир алган эмес.

Бул факты жабырлануучулардын арызынан улам УКМКнын кызматтык териштирүүсүнүн жүрүшүндө аныкталган. Бул жагдайлар эске алынып, 2019-жылдын 7-февралында Аскер прокуратурасынын Бишкек горнизону тарабынан Д.Мусакеевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. Ошол эле күнү Бишкектеги Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эч жакка чыкпоо чечимин чыгарган болчу.

«Учурдагы акердик мыйзам боюнча, УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери берилген турак жайды белгилүү убакыт өткөндөн кийин менчиктештирип алуу укугуна ээ», - деп айтылат Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматында.

Буга чейин кызматтык турак жайларды бөлүштүрүүдө ушундай мыйзамсыз иштери үчүн коргоо министри К.Өмүралиев жана анын орун басары Ж.Капаров (кийинчирээк КРнын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы болгон), ошондой эле бир катар жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×