Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Чүй облусуАламүдүн району 09.02.2019 13:51

43 жаштагы Майрамкүлдөн мурунку күйөөсүнүн аялы үйүн тартып алган: Милиция окуяны териштирди

Turmush -  2019-жылдын 6-февраль күнү «Фейсбук» социалдык тармагында президент С.Жээнбековго Аламүдүн районунун Үмүт жаңы конушунун 43 жаштагы тургуну Ж.Майрамкүл кайрылуу жасап, анын мурдагы жолдошу (2015-жылы каза болуп калган) Б.Барчынбектин бир тууган агасы 1950-жылы туулган А.Жолдошбек «президенттин курсташы болом, жакында сенин кыздарыңды өлтүрүп кетебиз» деп коркутуп жатканын билдирип, жардам сураган видео кайрылуусу жарык көргөн. Видео кайрылуу боюнча ИИМ тарабынан териштирүү жүргүзүлгөн.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Аламүдүн районунун Үмүт жаңы конушунун тургуну Ж.Майрамкүл мурдагы жолдошу Б.Барчынбектин агасы Ж.А, жолдошунун биринчи жубайы К.М. жана анын баласы Ш.Б. Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан 6 сотых жер тилкесинде жайгашкан үйдү, жолдошу Б.Барчынбек мас болуп жатканда баласына каттатып, Ж.Майрамкүлдү үйдөн кетирип жиберген.

Ошол үйдү өткөрүп берүү боюнча Ж.А.га жазылган ишеним катты жокко чыгаруу боюнча арыз менен кайрылган жана аталган иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралып, ал жерден объективдүү чечим чыкпай жатканына байланыштуу карап, чечип объективдүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранып, ал премьер-министрге кайрылгандыгы белгилүү болгон.

2019-жылдын 18-январь күнү Ж.Майрамкүлдүн арызы ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылып, 2019-жылдын 4-февраль күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине анын арызы КЖКнин 204-беренеси боюнча (Алдамчылык) катталып, иликтөө иштери башталды.

Сотко чейинки өндүрүш процессинде Ж.Майрамкүл, Ж.А, К.М, жана анын баласы Ш.Б, өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Ж.А, Ж.Майрамкүлдүн кайрылуусу жалган экендигин белгилеп: «Мен инимди алдап же арак берип ишеним кат жаздырган эмесмин жана президент С.Жээнбеков менен эч кандай байланышым жок жана жакын тааныш болгон эмесмин. Мен аны кыргыз эли сыяктуу президент катарынада гана тааныймын», - деген.

«Такталгандай, 2018-жылдын 19-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге 1966-жылы туулган М.Кымбат (Б.Барчынбектин биринчи аялы) арыз менен кайрылган, анда ал Б.Майрамкүл тынчтык бербей, Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан Кереге-Таш көчөсүндөгү үйдү талашып жатканына мыйзам чегинде чара көрүү боюнча арыз менен кайрылгандыгы боюнча да учурда кайрадан каралып, 2019-жылдын 2-февраль күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш башталган. «Фейсбук» тармаганда таратылган видеотасма боюнча Ж.МАйрамкүл Бишкек шаарынын кафелеринин биринде отурганда, ага М.Роза аттуу аял келип, окуя боюнча аябай сурап, андан кийин окуясын видеотасмага айтуусун суранган кезде Майрамкүл анын суранычы боюнча видеотасмага окуясын айтып берип, М.Роза аны жаздырып, социалдык тармактарда тараткандыгы да аныкталды. Учурда Майрамкүлдүн видео кайрылуусу боюнча бардык материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүш башталды. Ошондой эле аталган кылмыш ишинин тергелишин ИИМдин тергөө кызматы көзөмөлгө алып, анын так жана акыйкат тергеп, өз убагында сотко жөнөтүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×