Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусу, Баткен 08.02.2019 18:11

Баткендеги рейдде 23 айдоочу кармалып, 1000 сомдон айып салынды

Turmush -  Баткен ОИИБ Баткен шаарынын аймагындагы унаа жолдордо иретсиз токтогон унаалардын айдоочуларына чара көрүү үчүн «Парковка» аталышындагы рейд өткөрүүдө.

Башкармалыктын маалыматына караганда, 7-февралдагы рейдде жол эрежесин бузгандыгы үчүн 23 айдоочуга протокол түзүлдү. Аларга жаңы мыйзамдарга ылайык 1000 сомдон айып пул салынган.

Бул рейд облус аймагындагы бардык район-шаарларда уюштурулат. Анткени көчөлөрдө, базарларда иретсиз токтогон унаалар жергиликтүү элге ыңгайсыздык жана тол тыгынын жаратууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×