Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Нарын облусуКочкор району 08.02.2019 16:12

Айыл турмушу: 160 000 сомго чейинки жылкыларды баккан К.Саралаев ат таптоонун сырын айтып берди

Turmush -  Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылынын тургуну Калыйбай Саралаев бир нече жылдан бери саяпкерчилик менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Калыйбай Саралаев мектепти бүткөн кезде атасынын иниси Кубатбек Керимкуловго жардамчы чабан болуп иштеп калат. Ал киши өмүр бою мал багып, жакшы аттарды мингендиктен Калыйбайдын жылкыга деген кызыгуусу ойгонот. Ошондон баштап жакшы аттарды багып, таптап, үстүнө ала кийиз жаап суутуп, таң ашырып, табы менен кармап, ат чабышка салып келет. Мурда кыргыз жылкыларын кармап келсе, 3-4 жылдан бери англис тукумундагы жылкыларды багып келе жатат. Анын короосунда учурда айгыры менен алты англис тукумундагы жылкы бар экен. Өткөн жылы Арчалуу жайлоосунда өткөрүлгөн Таштанбек Акматовдун 80 жылдык маараке тоюнда анын күлүгү экинчи болуп келген. Нарында 26 кунан чабылып, экинчи орунду алган.

Саяпкер Калыйбай Саралаев жылкыларды багуунун сырлары тууралуу айтып берди.

«Бала күндөн жылкы менен алектенип, ат чаап келе жатам. Мурда кыргыз жылкыларын кармачумун. Аларды чүйлүктөр “саяк жылкы” деп коюшат, кичирээк келет. Жылкыларды асылдандыруу максатында англис тукумундагы жылкыларга кызыга баштадым. Мындай жылкылар кымбат турат. Ошентип үч-төрт жыл мурда 100 000 сомго англис тукумундагы бир бээ алып келип, Иса Өмүркуловдон 100 000 сомго жаңы кыргыз тукумундагы бээсин сатып алдым. Ошентип эки бээ алгандан кийин Бишкектен англис тукумундагы таза кандуу айгырды 130 000 сомго сатып алдым. Чолпон-Атадан 125 000 сомго бир байтал, өткөн жылы 160 000 сомго таза кандуу кулуну менен бээ алдым. Кыргыз жылкыларын сатып жибердим. Азыр англис тукумундагы таза кандуу жылкылардын башын көбөйтүп, асылдандыруу жагына көңүл буруп жатам. Себеби, дүйнө жүзү боюнча жылкылардын ичинен англис жана араб тукумундагы жылкыларга жетпейт. Азыр Кыргызстанда жылкыга кызыкандар Европа мамлекеттеринен англис тукумундагы жылкыларды алып келип жатышат. Алар чоң чабыштарда, Казакстандагы эл аралык турнирлерде автоунааларды утуп келүүдө. Таза кандуу англис жылкылар жеринен эле күлүк болушат. Чапканда аткан октой кетет», - деди ал.

Саяпкер Калыйбай: «Мен андай чоң мелдештерге катыша элекмин. Бул жылкылар кыргыз жылкыларына караганда акылдуу, сезимтал болушат. Бир көргөн жерин, кылган нерсесин унутпайт. Адамга тез үйүр алат. Мындай таза кандуу жылкыларды аярлап багып, караш керек. Убагы менен чөбүн, жемин берип, астын тазалап турбаса болбойт. Тоют бергенде да бир убакта берип, саат тогузда сугарып, сааты менен суутпаса болбойт. Жаш кулун, тайларына тоютту да тандап, витаминдүү азыктарды сабиз, кант, чөптүн жакшысын берип, жемдин майдаланганын бериш керек. Ошондо гана өсүп чоңоёт», - деди.

Анын Сурбулут деген байталы жети жолу чабылып, төрт жолу биринчиликти алган.

«Эки жолу экинчи, бирөөндө биринчи келди. Чабылган сайын байгеден калган эмес. Аны Көчмөндөр оюндарына чабайын деп турганда бутун оорутуп алып чабылбай калды. Эми кудай буюрса атасын дааналап тапсак, Сурбулуттан далай күлүк туулат деп турам. Кемчилиги жумшак түз жерде чаппаса, асфальт же таштак жерде буту кетип жарабай калат. Эркеги жарышка түшө албай же мингенге да жарабай калат. Ургаачы болсо тукум алса болот. Бул жылкыны таптап, суутуш да өзүнчө машакат жумуш. Кыргыз жылкысын таптагандай ата-бабалардын жолу менен таптасак чыдабайт. Көтөрө албайт. Илгеркидей үртүктөп, ала кийиз жаап тер алып, таң ашырса көтөрө албайт. Акырын эби менен чабыла турган кезде, күндө карап суутуш керек. 3-4 айда даана тапка келет», - деди К.Саралаев.

Ал азырынча күлүктөрүн чоң байгелерге сала элек. Ошентсе да келечекте эл аралык байгелерге катышам деген ойдо.

Калыйбай Саралаев үч баланын атасы. Жубайы Рима Асанова Дөң-Алыш айылындагы бала бакчада тарбиячы, кыздарынын улуусу Роза Калыйбаева турмушка чыккан. Экинчи кызы Малина университетте билим алууда. Уулу Эмир да И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде тарых факультетинде окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×