Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Талас облусуТалас району 08.02.2019 16:08

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык 17 жаштагы Азат грек-рим күрөшү боюнча 15 медаль, 20 диплом утту (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 17 жаштагы тургуну Азат Токтогул уулу 5 жылдан бери грек-рим күрөшү менен машыгып, мелдештерде ийгиликтерге жетише баштады.

Өзүнүн айтымында, учурда 60 кг салмакта күрөшөт. Мелдештерден 15 медаль, 20 диплом уткан.

«Аталаш акем Ызат күрөшкө катышып, залга барып машыгып турчу. Анда мен 11 жашта болчумун. Акем үйгө келген сайын мелдешке чыгып, жеңишке жеткенин айтып сөз кыла берчү. Аны угуп мен дагы катышып, күрөшсөм деп кыялданып коёр элем. Ошол акем мени кошо залга алып барды. Барып машыккандарын көрүп келдим. Ошол күндөн баштап менде кызыгуу күчөдү. Акеме кошулуп залга бара баштадым. Акырындык менен спортко аралашып, жакшы жыйынтык көрсөтө баштадым. 12 жашымдан баштап мектептер аралык мелдештерге чыгып жүрдүм. Жеңишке ээ болуп, райондук, облустук, кийин республикалык мелдештерге чейин барып жүрдүм. Спортто бирде жеңишке жетсең, биринде утуласың. Көбүнчө атаандашыңды жеңүүгө аракет кыласың. Ал үчүн талыкпаган машыгуу керек. Коюлган эрежелерди туура аткарууга умтулуу керек. Жаракат алган учурлар да болбой койбойт.

Бир жолу мелдештен күрөшүп жатып атаандашымды чиймеден чыгарам деп, кокустан өзүмдүн мурдумду сындырып алгам. Баарына чыдап, спорттун суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, аракет кылсаң гана ийгиликке жетесиң. Мен азыркы учурда 60 кг салмак менен күрөшөм. Салмак таштоо мен үчүн абдан кыйын. Мелдешке 2 жума калганда чуркап, нан, камыр тамак жебей,жалаң чуркоо менен салмакты түшүрөм. Айылда зал бар болгондуктан күн сайын барып, 2 саат машыгып келем. Бердалиев Адылбек агайым күчтүү спортчу болуума салым кошуп келе жатат. Мени спортко аралаштырган Ызат акеме жана машыктыруучум Адылбек агайыма ыраазымын. Ушул 2 адам болбогондо мен спортко аралашып, ийгиликтин үстүндө жүрбөйт элем. Спортко келген 5 жылдын ичинде 20 диплом жана 15 медалдын ээси болдум. Келечекте дүйнөлүк чемпион болгум келет. Кудайым буйруса ал максатыма да жетем деп ойлойм», - деди ал.

Азат балбан үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×