Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Баракелде, Бишкек 08.02.2019 15:50 На русском

УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевге сыртка чыгууга тыюу салынды

Turmush -  Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевдин баш коргоо чарасын карап, эч жакка чыкпоо чечимин чыгарды. Бул маалыматты КСДПнын басма сөз кызматы таратты.

Д.Мусакеев 7-февралда Аскер прокуратурасына чакырылган. Ал аталган кызматты ээлеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган.

«Кылмыш иш кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө байланыштуу. Батирлер кызматтык болуп эсептелет жана алардын бири дагы менчиктештирилген эмес. Муну менен мамлекетке эч кандай зыян келтирилген жок», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×