Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусу, Талас 12.02.2019 16:10

Айыл турмушу: Таластык Күлийпа апа жаштыгында мээнет менен чоңойткон балдарынын урматын көрүп өмүр сүрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 64 жаштагы тургуну Мыктыбекова Күлийпа апа жаштыгында балдарын мээнет менен чоңойтуп, азыр алардын урматын көрүп өмүр сүрүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Бала-Саруу айылынын кызы. 1974-жылы Кудайберген Мыктыбековго турмушка чыгып, Талас шаарына келин болуп келген.

«Мен 1955-жылы чабандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Ата энем элдин малын кайтарышчу. Өзүм эркек мүнөздүү кыз болгондуктан атам менен кошулуп кой кайтарып, ат минип чоңойдум. 6-классымдан баштап тамекиде иштедим. Тамекиде жакшы иштегеним үчүн мени 17 жашымда районго депутат кылып шайлашты. 2 жыл иштеген соң турмушка чыктым. Жолдошум Кудайберген менен тайкем аркылуу таанышканбыз. Таанышпайм, күйөөгө тийбейм деп качсам дагы болбой тааныштырган эле. Макул болуп тааныштык. Ошондон кийин баш коштук», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келин болуп келген кезин эскерди.

«Жолдошум Кудайберген апасы экөө эле жашашчу экен. Келин болуп келгенден тарта кара жумуштарды көп кылдым. Өзүм кылып, кайра өзүм азабын тартчумун. 1986-жылы там сатып алдык. Ал тамдын ээси бойдок жигит экен. Короосунда мончосу дагы бар болчу.

Бир күнү эле бир тааныш эже жолугуп, «бул тамды силер сатып алдыңар беле, мончосуна аябай түшүп калдык» дейт. Көрсө үйдүн мурунку ээси мончо жагып, иштетип келген экен. Аны угуп алып үйгө келип эле мончону буза баштадым. Күйөөм «сага эмне болгон?» десе, «көрсө биз ар ким түшкөн мончого түшүп жүргөн турбайбызбы» деп каршылыкка карабай бузуп, кайра өзүм жалгыз мончо салгам.

Үчүнчү кызым боюмда болуп, ай-күнүм келип калган болчу. Жумуш кылып жүргөм. Эшиктин алдында орообуз бар болчу. Балдар чуңкурга түшүп кетпесин деп капкак жаап койгонбуз. Бир убакта өтүп бара жатып өзүм кулап түштүм. Бир капталымдын баары тактайга сыйрылды. Коңшу эже келип араң чыгарышты. Жумуштан келе жаткан күйөөмө «үйгө барганда аялыңды урушпа, жумуш кылып жатып ороого түшүп кетти» деп айтыптыр. 2-3 күн өткөндөн кийин толгоом келип, ооруканага барсак «сени күйөөң уруптур, азыр милиция чакырабыз, чыныңды айт» деп аябай урушкандары эсимден кетпейт. «Өзүм кулап түштүм» деп айтсам да болбой зорго ишенишкен. Жолдошум болсо «абайлабайт белең, эл сен эле урдуң деп мени жаман көрүп жатат» деп айтканы эсимде.

Абышкам 1996-жылы каза болду. Балдар менен жалгыз калдым. Баарын окутуп, үйлүү кылуу менин мойнума жүктөлдү. Базарга чыгып ар нерсе сатып иштеп жүрдүм. Акырындык менен ишим бир нукка түштү. Балдарды окуттум, үйлөнтүп, кыздарды турмушка узаттым. Азыркы учурда балдарым өз кызматтары менен эмгектенип келишет. Күйөө балдарым менен акылдашып , келиндерим менен сырдашып турам. Чектен ашып түшпөйм жана чектен түшүп дагы кетпейм. Баарына бирдей мамиле жасаганга аракет кылам. Балдарымдын төрүндө ысык чайын ичип отурган учурум. Бир гана атасы жетишпейт. Жакшылыктарын көрө турган мезгилде жанымда жок болгону мени өкүндүрөт. Ар бир келиним күйөө балам, кызым, уулумдун сыйын көргөндө башымдан өткөн кыйынчылыктарды унутам. Убагында азап чексем азыр минтип дөөлөтүн көрүп отурам», - деди ал.

Күлийпа апа 3 уул, 3 кызынан 20га жакын небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×