Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-апрель
Талас облусуТалас району 08.02.2019 13:45

Айыл турмушу: М.Эрдешов бала кезден жыгач устачылык кесипти аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылынын 43 жаштагы тургуну Мелис Эрдешов бала кезден жыгач устачылык менен алектенип, ээрлерди чабат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ээр чабууну 8-классында баштаган. Ошол убактан бери 500гө жакын ээр чапты.

«Таякелерим ээрди мыкты чабышкан кишилер. Мен аларды көрүп үйрөнүп, кийин өз алдымча чаап калдым. Ээр чабуу ата-бабабыздан бери келе жаткан өнөр. Улуттук буюм катары аздектеп жана башка жыгач буюмдарын жасап келем. 1 ээрди даярдаш үчүн 2-3 күн керек. Кургак жыгачтан чапса кыйыныраак болуп калат. Жыгач суу кезинде жакшы чабылат. Аны ыгы менен кургатуу зарыл. Алгач жыгачты өз калыбына келтирип чаппаса, формасы бузулуп калат.

Ээр кара талдан, бака теректен, токой талдан жасалат. Ал жыгачтар оңой менен табылбайт. Сатып алып келип үйдөн даярдайм. Жасаган ээрлеримди тери менен каптайм. Терини алгач ийге келтирүү керектелет. Эрге уйдун жана топоздун терилери капталат. Көбүнчө уйдун терисинен болот. Учурда кыргыз ээр унутулуп, орус ээрге ооп бара жатышат. Кыргыз ээр жалаң жыгачтан туюк болуп чабылат. Ал эми орус ээр темирден, эки буту эле жыгач болот. Менин жасагандарым кыргыз ээрлер. Жылына 1 теректи же талды алып келип, 10дон ашык ээр чаап коём. Ээр жасоодон башка жыгачтардан ар кандай буюм, сувенирлерди жасайм. Мисалы сандык, бешик, тогуз коргоолдун идишин жана башкаларды жасайм. Жыгачтан буюмдарды жасоодо балта, балка, ара, бычак, барскан сыяктуу аспаптар колдонулат.

Жасалган ээрлер мурда 1 тайга бааланса, азыр 1 койго бааланат. Мен козулуу койлорго сатып жүрдүм. Азыр кыргыздын улуттук буюм-тайымдары унутта калып келет. Бирок арасында бешик, боз үй жана башка буюмдарды жасап келе жаткандар бар. Келечек муун ээр, боз үй, сандык жыгач буюмдарды жасашып, ушул нерселерди колдонушса жакшы болмок. Анткени азыртадан баштабасак мунун бардыгы унутулуп калат. Үйрөнөм дегендерге үйрөтүп келем, бирок андан ары алып кетишкен жок», - деди ал.

Мелис уста 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×