Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-февраль
Баткен облусу, Баткен 08.02.2019 12:35 На русском

Сүрөт — Баткендеги аэропортто өрт өчүрүү боюнча атайын машыгуу өттү

Turmush -  Бүгүн, 8-февралда Баткен шаарындагы аэропортто Бишкектен учуп келген учактан шарттуу түрдө өрт чыгып, куткаруучулар кырсыкты алдын алып калышты. Бул тууралуу Баткен шаардык жана Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдирди.

Маалыматка караганда, атайын машыгуунун алкагында Бишкектен Баткенди көздөй келе жаткан учак конууга аз калганда учкуч Баткен шаарындагы аэропорттун диспетчерине учакта өрт чыгышы мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат берди. Саат 11:00дө аэропорттун жетекчилиги Баткен райондук жана шаардык өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө кабар билдирди. Куткаруучулар аэропортко саат 11:05те жетип келип, 10-15 мүнөт аралыгында өрттү өчүрүштү. Аэропортко өрт өчүрүүчүлөрдөн тышкары тез жардам жана милиция кызматкерлери да келишти.

Аталган машыгуу мэрия тарабынан атайын пландалып уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×