Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Чүй облусуПанфилов району 08.02.2019 10:29 На русском

Чүйдө 2 баланын энеси күйөөсүнө бензин чачып өрттөп жиберген. Ал 4 күндөн кийин каза болгон

Turmush -  Чүй облустук соту Алисанын (аты өзгөртүлдү Л.А.А.) кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, мурда Панфилов райондук соту Алисаны күнөөлүү деп таап, 8 жылга каматкан. Анын кичинекей 2 баласын райондук башкармалыктын үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнө өткөрүп берүү чечими чыккан.

Алиса 2018-жылдын 12-июлунда саат 22:30 чамасында үйүндө мас болуп алып, жарандык күйөөсү Михаилди (аты өзгөртүлдү, В.М.А.) өрттөөгө айыпталган. Экөөнүн ортосунда чатак чыгып, күйөөсүнө бензин чачып өрттөп жиберген. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракаттарынан улам 16-июлда каза болгон.

Алиса сотто каза болгон Михаил анын жарандык никедеги жолдошу болгондугун, ортолорунда кичинекей 2 бала бар экендигин билдирди. Ошол күнү үйүнө конок болуп келген С.А. болуп үчөө арак ичишкен. Андан кийин С.А. кетип калган. Михаил мас болуп калып, аны урушуп, балдарынын көзүнчө сабай баштаган. Михаил меште кайнап жаткан шорпону төгүп жиберип, баласынын буту күйүп калган. Андан улам ачууланып, коридордо бөтөлкөдө турган бензинди алып келип, күйөөсүнө чачып жиберген. Күйөөсү ого бетер катуу сабай баштаган. Ал качып бара жатып от жаккычты (зажигалка) ала калып, ага сабаганды токтотушун, болбосо өрттөп жиберерин айткан. Күйөөсү от жаккычты андан тартып алып, четке басып кеткен. Андан кийин өзү өрттөнө баштаган. Коркуп кетип, бир чака сууну ага чачып жиберип, от өчүрүлгөн. Ал күйөөсүнүн күйүп калган кийимдерин чечип, Михаил керебетке сүйрөлүп араң жеткен. Андан кийин милиция менен тез жардамды чакыртышкан. Тез жардам келгенде ал эшикти ача албай койгон. Себеби Михаил экөө уруша баштаган учурда эле эшикти кулптап, ачкычты бекитип салган. Андан кийин тез жардамдын дарыгерлери кетип калган. Ал кийинки күнү ачкычты күйөөсүнүн шымынын чөнтөгүнөн тапкан. Бирок Михаилдин абалы начарлап кеткен. Ал кайрадан тез жардам чакырткан. Михаил ооруканага жеткирилип, 3 күндөн кийин каза болуп калган.

Алиса соттон балдары бойго жеткенге чейин жазаны кийинкиге калтырып турууну суранды. Бирок соттук коллегия райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×